Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

"Чындык". Иликтөөгө жол чапкан Уланбек

Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында бүгүн, 12-февралда "Чындык" аттуу 2-форум өтүүдө. Аны Иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму уюштурган.

Форумдун соңунда 2021-жылдагы Кыргызстандагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылы ыйгарылчу сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат. Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 32 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

18:08 12.2.2022

Борбор Азиядагы Америка университетинин "Эл аралык журналистика жана массалык коммуникациялар" магистратурасынын "Дата журналистика" курсунун студенттеринин "Жарака": эмне үчүн кыргызстандык окуучулар экстремалдык шарттарда билим алышууда" деген журналисттик иликтөөсү үчүн атайын сыйлыкка татыды.

Иликтөөну Валентина Галич, Диана Светличная, Таалайбек Талантбек уулу, Екатерина Афанасьева, Сезим Дигербаева, Жүзүмкан Асхатбекова жана окутутуучу Анастасия Валеева даярдаган.

18:15 12.2.2022

“Телевизионная Академия” коомунун астында Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко биргелешип даярдаган “Мыйзамсыз миграция” аттуу иликтөөсү атайын сыйлыкка татыды.

18:25 12.2.2022

“ПолитКлиника” онлайн-медиасынын “Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи” аттуу иликтөөсү дагы атайын сыйлык ыйгарылды.

Быйыл атайын сыйлык үч материалга берилди.

18:28 12.2.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG