Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

"Чындык". Иликтөөгө жол чапкан Уланбек

Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында бүгүн, 12-февралда "Чындык" аттуу 2-форум өтүүдө. Аны Иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму уюштурган.

Форумдун соңунда 2021-жылдагы Кыргызстандагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылы ыйгарылчу сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат. Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 32 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

17:29 12.2.2022

17:48 12.2.2022

Сыйлык тапшыруу аземи

17:55 12.2.2022

Улан Эгизбаев атындагы сыйлык ушуну менен төртүнчү ирет тапшырылууда.

18:02 12.2.2022

Журналисттик иликтөөлөр фондунун байкоочулар кеңешинин төрагасы Султан Каназаров быйылкы жылдын жеңүүчүлөрү алты критерий боюнча тандалганын айтты.

Султан Каназаров
Султан Каназаров

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG