Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

"Чындык". Иликтөөгө жол чапкан Уланбек

Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында бүгүн, 12-февралда "Чындык" аттуу 2-форум өтүүдө. Аны Иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму уюштурган.

Форумдун соңунда 2021-жылдагы Кыргызстандагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылы ыйгарылчу сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат. Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 32 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

19:47 12.2.2022

Али Токтокунов бул сыйлык алар үчүн сыймык дагы, ошол эле учурда жоопкерчилик экенин айтты.

“Улан таза, чынчыл, сапаттуу иликтөө жасаш үчүн абдан чоң бийиктикти, жоопкерчиликти коюп кетти. Биз мындан дагы жогоруга умтула беребиз. Иликтөөлөр карапайым эл үчүн жасалат. Алар өздөрүнүн ырыскысын уурдатпашы үчүн, укугу бузулбаш үчүн коррупционерлерден арылыш үчүн жасалат”.

Ал эми Мээрим Айныкеева мындан ары да иликтөөлөр уланарын, курч темалар иликтенерин билдирди.

“Башкысы биз токтобойбуз”, - дейт ал.

Журналист Арген Бактыбек уулу “Медиахабдын” иштегенине бир жыл болгонун, бул аралыкта 15 иликтөө чыгарганга жетишишкенин айтты.

“Иликтөөлөр уланыт, кылмыштардын жана кылмышкерердин бети ачып турабыз”.

19:46 12.2.2022

19:04 12.2.2022

19:01 12.2.2022

“МедиаХаб” коомдук фондунун иликтөөчү журналисттери Али Токтакунов, Арген Бактыбек уулу, Мээрим Айныкеева биргелешип даярдаган "Калкты карызга батырган финансы махинациялары: "Сомо", "Акчамат", "Финико" аттуу иликтөөлөрү биринчи орунга татыды.

Али Токтакунов, Арген Бактыбек уулу, Мээрим Айныкеева
Али Токтакунов, Арген Бактыбек уулу, Мээрим Айныкеева

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG