Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

"Чындык". Иликтөөгө жол чапкан Уланбек

Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында бүгүн, 12-февралда "Чындык" аттуу 2-форум өтүүдө. Аны Иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму уюштурган.

Форумдун соңунда 2021-жылдагы Кыргызстандагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылы ыйгарылчу сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат. Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 32 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

18:42 12.2.2022

Иликтөөчү журналист Мээрим Сырдыбаеванын “МедиаХаб” коомдук фонду менен биргелешип даярдаган "Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар" аттуу иликтөөсү 2-орунга ээ болду.

18:36 12.2.2022

"Азаттыктын" журналисти Айбек Бийбосунов даярдаган "Жолдон жоголгон 934 миллион" аттуу иликтөөсү 3-орунга татыды.

Сыйлык тапшыруу аземи. Айбек Бийбосунов.
Сыйлык тапшыруу аземи. Айбек Бийбосунов.

18:34 12.2.2022

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева журналисттик иликтөөнү жургүзүү үчүн темирдей бекем эрк болушу керектигин айтты.

"Журналисттик иликтөөнү жүргүзүү үчүн темирдей нерв, өзүң дагы күчтүү болушуң керек. Анткени кээ бирөөлөр чалып "ушул материалды чыгарбай коюу үчүн 100 миң доллар алаыңбы, же эртенден баштап тынч уктабайсың" деп чалышы мумкун. Ошонун баарына чыдап, эртеси эч нерсе болбогондой жумушка келип иштөө үчүн аябай күчтүү болуш керек", - деди.

Сыйлык тапшыруу аземи.
Сыйлык тапшыруу аземи.

18:28 12.2.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG