Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:42

"Чыгышта абал оор". Украинадагы соккуларда жай тургундар мерт кетти


Краматорск шаарынын тургундары, аткылоодон кийин тартылган сүрөт
Краматорск шаарынын тургундары, аткылоодон кийин тартылган сүрөт

14-мартта орус армиясы Украинага урган соккуларда кеминде эки киши набыт болду. Анын алдыңкы күнү да эки жай тургундун өмүрү кыйылган.

Президент Зеленский абал өтө оор экенин, өлкө чыгышында Украинанын тагдыры чечилип жатканын айтты. Украин жоокерлери "айыгышкан кармаш" жүрүп жаткан Бахмуттун борборун коргоодо, орусиялык жалданма күчтөр шаарды алууга бар күчүн салууда.

Краматорск жана Вовчанск соккуга кабылды

Украинанын бийлиги шейшембиде эртең менен орус күчтөрү өлкө чыгышындагы Краматорск шаарына ракета атып, андан бир адам өлүп, бир канчасы жарадар болгонун билдирди.

Президенттин кеңсеси Донецк облусунун түндүгүндө жайгашкан шаар борборунда алты көп кабаттуу үй зыян тартканын маалымдап, чабуулдан кийин тартылган видеону таратты.

Шаардык кеңеш көп батирлүү 25 үй жана бир жер там, бала бакча, музей жана административдик имарат зыян тартканын кабарлады. Алдын ала маалыматтарда айтылгандай, орустар С-300 ракетасы менен сокку урган. Уранды астында кишилер болушу мүмкүн, куткаруу иштери жүрүүдө.

Соккудан кийинки видеону украин президенти Владимир Зеленский Фейсбукка, Телеграм-каналына жарыялады.


Донецк облусундагы Краматорск шаарын украин жоокерлери колдон чыгарбай турат. Калаа азыр айыгышкан кармаштардын чордонуна айланган Бахмуттан 20 километр жерде.

Ушул күнү Харьков облусунун Вовчанск шаарында автоунаага снаряд тийип, машинеде отурган улгайган аял каза тапканын облустук аскердик администрация билдирди.

Бахмутта кырдаал курч

Орусиялык күчтөр Бахмут калаасын жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу үчүн чабуулдарын күчөтүүдө. Кармаштар Лиман, Авдеевка, Маринка жана Шахтерскиде да уланууда.

Зеленский 13-марттагы кечки видеокайрылуусунда өлкө чыгышында "тагдыр чечкен кармаш" жүрүп жатканын айтты:

"Чыгышта абал оор, абдан кейиштүү. Биз душмандын күч-кубатын жок кылышыбыз керек, ал биздин колубуздан келет. Белогоровка жана Марынка, Авдиевка жана Бахмут, Угледар жана Камянка - биздин келечегибиздин тагдыры чечилип жаткан жерлер. Ал жерлерде биз бардык украиналыктардын келечеги үчүн күрөшүп жатабыз"

Мамлекет башчысы мекен үчүн өмүрүн тобокелге салган ар бир жоокерге ыраазычылык билдирди. Киев “душман ири жоготууларга учураганын” белгилейт. Москва азырынча комментарий бере элек.

Ага чейин Украинанын кургактагы күчтөрүнүн кол башчысы генерал Александр Сырский “Вагнер" тобунун жоочулары Бахмуттун борборуна жылууга аракет көрүп жатканын кабарлаган.

Орусиядагы “Вагнер” жалданма тобунун башчысы Евгений Пригожин Бахмуттун борборунан алыс эмес жерде тартылган делген видеодо анын согушкерлерин шаарды алуу үчүн катуу кармаштар күтүп атканын айтты.

Ошол эле маалда чет өлкөлүк эксперттер Бахмуттун стратегиялык мааниси жок экенин, аны алуу Кремлдин символикалык жеңиши үчүн гана керектигин белгилешет.

Бахмут үчүн күрөш былтыр Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик аналитиктер эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын айтууда.

Украин жоокери
Украин жоокери


13-мартта Донецк облусунун Орусия көзөмөлдөгөн аймагындагы Волноваха шаарында турак үй аткыланганда эки аял көз жумганын Донецк маалымат агенттиги билдирген. Орусия муну украин күчтөрү жасаганын айтууда. Бул окуянын чоо-жайын журналисттер азырынча тактай алган жок.

"Бүгүн күндүз украин аскерлери жарандык инфраструктурага сокку уруп, талкалады. Айланада эч кандай аскерий объектилер же аскердик унаалар жок болчу", - деди орусиялык аскер. Анын комментарийин Reuters агенттиги чыгарды.

Ушул күнү Украинанын Башкы прокуратурасы Орус армиясынын чабуулунан Донецк облусунда эки адам өлүп, жетөө жараат алганын кабарлаган. Маалыматка караганда орустар төрт калктуу пунктту оор артиллерия жана «Ураган» ракеталык системалары менен аткылашкан.

БУУнун эсебинде, Орусия Украинага былтыр 24-февралда басып киргенден бери сегиз минден ашуун жай тургун набыт болуп, миллиондогон киши чет өлкөгө качты. Киев дагы, Москва дагы миңдеген жоокеринен ажырады.

XS
SM
MD
LG