Фотограф, эколог-активист Влад Ушаков бир кезде сууга мол саналган Чүйдүн азыркы көрүнүшү, суу таңкыстыгы алып келген кесепеттерди сүрөткө тарткан. Сүрөттүн түп нускасы Ecostan сайтында жана Facebook баракчасында жарыяланды.
Чүй: тартылган суу, кырылган балык
Кыргызстанда быйылкы жайда кургакчылык болуп, суу таңкыстыгы жаралды. Эң көп суу тартыштыгы Чүй аймагында байкалды. Айрым эксперттер Чүй өрөөнүнүн экологиялык кырсыктын жана экоциддин аймагы катары эсептөөдө.