Совет өкмөтү кыйрагандан көп узабай жабылып калган Чаувай сымап кенинин бир бучкагы жергиликтүү ишкер жигиттердин демилгеси менен иштетилүүдө. Сунуш кылынган сүрөттөр сымап казып алуудан аны байытканга чейинки өндүрүштө эмгектенген жумушчулардын бир күнүн чагылдырат.