Декларцияга ылайык, уюмга мүчө өлкөлөр коопсуздук жаатында кызматташууну арттырышы зарыл. Ошондой эле декларацияда бир да мамлекет же өлкөлөр бирикмеси кай бир аймакта стабилдүүлүк орнотуу милдетин өзүнө албашы жана мыйзамдуу бийликти кулатууга жардам бербеши, башка өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө жол коюлбашы керектиги айтылат.Документке кол койгон бир да мамлекет башка өлкөнүн эсебинен өз коопсуздугун бекемдебеши керек.
Он чакты беттен турган декларацияда Палестина мамлекетин түзүү ишке ашпай жатканына тынчсыздануу да билдирилген. Улуттар уюмунун резолюцияларын аткарып, Жакыңкы Чыгышта көз каранды эмес Палестина мамлекетин түзүүгө чакырылган.
Ооганстанда тынчтык жана жарашуу жараяны жалаң ооган эли тарабынан ишке ашышы керектиги да айтылат. Ошондой эле Армения менен Азербайжан ортосундагы эрегиш региондогу коопсуздукка коркунуч келтирип жатканы жазылган.
Шанхайда чогулган Азиялык кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин IV саммитинде Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да сүйлөдү. Атамбаев өз сөзүндө Борбор Азиядагы эң башкы жана маанилүү коркунучтарга, потенциалдуу тобокелчиликтерге токтолду. Ал өзгөчө Борбор Азия аймактык уюшма катары ыктымал коркунучтарга, чөлкөмдүн коопсуздугун коргоого даяр эместигине камтамачылыгын билдирди. Президент буга бир катар факторлор себеп болуп жатканын, анын эң башкысы регионалдык коопсуздукту түшүнүүнүн бирдиктүү бир концепциясынын жоктугун белгиледи.
Ошондуктан Алмазбек Атамбаев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Азиядагы кызматташтык жана ишеним көрсөтүү кеңешмесин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өңдүү толук кандуу бир уюмга айландыруу пикирин колдой турганын кошумчалады.
Ошондой эле ал Кытай лидери Си Цзинпиндин Азиядагы коопсуздуктун жаңы концепциясын түзүү сунушун да колдой турганын ырастады.
Саммиттин башында Азиядагы кызматташтык жана ишеним көрсөтүү кеңешмесинин төрт жылдан берки төрагасы, Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу жана андан бүгүн төрагалыкты өткөрүп алып жаткан Кытайдын лидери Си Цзинпин чыгып сүйлөштү. Ал экөө тең өз сөзүндө Азиядагы коопсуздуктун жаңы концепциясы деген сунушту улам-улам кайталап айтышып, Шанхайдагы саммитке чогулган Азиядагы кеңешменин келечекте атайын институттарын, мекемелерин, орток бир уюшмаларын түзүү сунуштарын дагы киргизишти.
Давутоглы: Азияга жаңы концепция керек
Шанхай саммитине дүйнө жүзүнөн чогулган миңдей журналист жарым сааттай гана Түркиянын тышкы иштер министри Ахмат Давутоглу менен Кытайдын лидеринин кайрылуусун угуп, андан кийин пресс борбордо эмне кыларын билбей ары-бери басып жүрүүгө аргасыз болду.
Анткени Шанхай саммити Азиядагы коопсуздук маселелерин жабык талкуулады. Кытайлык өкүлдөргө мунун себебин сурап кайрылганыбызда: "Ортодогу талылуу маселелер, коопсуздук жагдайы талкууланып жатат, жалпы коомчулукка саммиттин Шанхай декларациясы аркылуу негизги билдирүү аркылуу жарыяланат" деп жооп беришти.
Азиялык бирикмеге соңку 4 жылдан бери төрагалык кылган Түркиянын тышкы иштер министри Давутоглу бул мезгил ичинде бирикмеге 24 өлкө мүчө, 9 мамлекет байкоочу болуп катталганын белгилеп, азыр бул уюм Азия аймагынын 90% камтып калганына басым жасады.
Түркиянын тышкы иштер министри 4 миллиардга жакын калкы бар Азияда коопсуздуктун, демократиянын принциптерин эске алган жаңы концепция зарыл экенин айтты. Ал Азиядагы кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин секретариаты эки жылда бир жыйын куруп жатканын, азыр андай аткаруучу орган Астанага көчкөнүн кабарлады.
24 мамлекетти бириктирген Азиядагы кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин 4-саммити "Бейпил, стабилдүү жана кызматташтык өнүккөн жаңы Азияда диалог, ишенимди бекемдоо" деген ураан алдында өтүп жатат. Жыйынга Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Иран, бардыгы 10дон ашуун мамлекет жана өкмөт лидерлери, Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун баш болгон ондогон эл аралык бирикмелердин жетекчилери катышууда. Катар, Бангладеш Шанхайдагы саммитте Азиядагы кызматташтык жана ишеним кеңешмесине мүчөлүккө кабыл алынганы жарыяланды. Түркиялык министрден кийин сөз алган Азиялык кызматташтык кеңешмесинин төрагалыгын өткөрүп алган Кытайдын лидери Си Цзинпин дүйнө экономикасынын үчтөн бирин камсыздап жаткан Азия өлкөлөрү коопсуздук маселесин биргелешип бекемдей турган мезгил келгенин белгиледи:
- Азия - кедей жана бай, тарыхы, маданияты, саясий түзүлүшү ар башка өлкөлөрдүн кошундусу, ошонусу менен бекем жана күчтүү боло алат. Бардык өлкөлөр бири-биринин эгемендигин, көз карандысыздыгын урматтап, коңшуларындагы кырдаалды курчутуп кийлигишкендин ордуна жалпы коопсуздукту бекемдөөгө аракет кылышы керек. Ошондо гана азиялык ар бир өлкө өз коопсуздугун бекемдей алат, - деп басым жасады Кытай лидери Цзинпин.
"Азиядагы коопсуздуктун ачкычы өнүгүүдө" деп сөзүн уланткан Си Цзинпин анын өлкөсү улуу кытай улутун куруу жөнүндө улуу кытай кыялын жүзөгө ашырууга барандуу аракет көрүлүп жатканын, Кытай чектеш 13 мамлекеттин 12си менен чек ара маселелерин тынч жол, сүйлөшүү аркылуу чечкенин, ушу тапта Кытай жетекчилиги кара жол жана деңиз үстүндө Улуу Жибек жолу долбоорун жүзөгө ашырууга белсенгенин билдирди. Эскерте кетели, кара жолдогу Улуу Жибек жолуна Борбор Азия өлкөлөрү, ал эми деңиз жолунда Түштүк Азия мамлекеттери кирет. Кытай лидеринин айтымында, анын өлкөсү дал ушул эки багытта активдүү кызматташып, ушул аймактардагы коопсуздукту бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурмакчы.
Кытай лидери сөзүнүн аягында Азиялык кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесин аймактагы коопсуздукту бекемдөө аянтына айландырууну, ал максатта Ыкчам аракеттенүү борборун түзүү жана бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн форумун уюштуруп, коопсуздук жаатында пикир алмашуу түйүнүн түзүүнү сунуш кылды. Кытайдын лидери сүрөткө түшкөндө да, кеңешме үстөлүндө отурганда да Түркия, Орусия, Казакстандын жетекчилерин жандап турду.