Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

HRW: Кытайда абакта кыйноо уланууда


Укук коргоо кызматкери соттолуучуларды алып баратат. Кытай, 27-сентябрь, 2012-жыл
Укук коргоо кызматкери соттолуучуларды алып баратат. Кытай, 27-сентябрь, 2012-жыл

Кытай мындан алты жыл мурда тартип коргоочулардын айыпкерлерди кыйноосун токтотуу боюнча бир катар катаң чараларды көргөн эле.

Бирок "Хьюман Райтс Уотч" уюму абактагыларды уруп-сабоо, колунан шыпка асып коюу, темир отургучтарга чынжыр менен байлоо сыяктуу көрүнүштөр кала берип жаткандыгын билдирүүдө.

Жарым жылдан кийин Бириккен улуттар уюмунун Кыйноого каршы комитетинде Кытай отчет бериши керек. Буга чейин Кытайдын президенти мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөгө сөз берген эле.

Мына эми штаб-квартирасы Нью-Йоркто жайгашкан "Хьюман Райтс Уотч" уюму өлкөдө тартип коргоочулар тарабынан кыйноолор бул өлкөдө катардагы көрүнүш экендиги айтылган отчетун жарыялады.

Кытайда бир нече чуулгандуу окуялардан кийин бийликтеги Коммунисттик партия элди тынчтандыруунун айла-амалын издеп жатат. Ал эми өлкөнүн Жогорку Соту февраль айында күнөөсүн мойнуна алдырууда кыйноонун колдонулушун токтотуу үчүн мыйзамды реформалоо планын жарыялаган эле. Бирок "Хьюман Райтс Уотч" уюму кытайлык тартип коргоочулар дагы деле шектүү адамдарга кыйноо жолу менен күнөөнү мойнуна алдырууну улантып жаткандыгын эскертти.

Софи Ричардсон бул уюмдун Кытай боюнча директору. "Хьюман Райтс Уотчтун" отчетун Гонконгдо жарыялап жатып буларга токтолду:

- Айыпкерлерди сабоо катардагы эле көрүнүш болуп саналат. Сабоолор полиция, кайгуул же «тартип сактоо» үчүн дайындалган камера башчысы тарабынан ишке ашырылат. Адамдарды апталап, айлап, алтургай бир нече жылга чынжырлап, темир отургучтарга байлап салган учурлардын бир нечесин документтештирдик.

Укук коргоочу уюмдун отчетуна караганда, Кытайда суракка алуунун мезгилинде айыпкерлер электр таягы менен сабалган, көзүнө калемпир аралашкан май чачылган, уйкудан калтырылган учурлар болгон.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү мыйзамда мындай кыйноолорго ачык тыюу салынгандыгын, ким ага жол берсе, жазалана тургандыгын билдирди, ошол эле мезгилде ар бир өлкөдө кемчиликтер болгондугун эскертти.

- Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин мезгилдүү жалпы көзөмөлү жарыялаган АКШдагы адам укуктары боюнча май айындагы отчетун карасак, бир да өлкөнүн телегейи тегиз эмес экен. Адам укутарына келгенде, эң мыкты өлкө деген жок, абалды салыштырып гана билебиз. Бардык өлкөлөр өздөрүнө карата сын-пикирлерди туура кабыл алып, укуктук абалды жакшыртып, адам укуктары боюнча өздөрүнө тиешелүү көйгөйлөрдү чечишкени жакты, - деди Кытайдын тышкы иштер министринин пресс катчысы Хуа Чун Йиң 12-майда Бээжинде сүйлөгөн сөзүндө.

"Хьюман Райтс Уотчтун" отчету камактагы 48 киши, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, мурдагы өкмөттүк чиновниктер менен маектердин, ошондой эле сот иштери боюнча документтердин анализине негизделген.

"Хьюман Райтс Уотч" сурамжылаган мурдагы айыпкерлердин бири түрмөдө анын колун байлап туруп, итке окшотуп, терезеге чынжырлап койгонун айткан.

XS
SM
MD
LG