АКШ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы келишимден быйыл май айында чыгып кеткен. Президент Дональд Трамп ага Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ал келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген. Ошондон бери Вашингтондун Тегеранга каршы экономикалык санкциялары баскыч-баскыч менен калыбына келүүдө.
АКШ ушул айда ирандык 20 компанияга жана банктарга да санкция киргизген. Иранга каршы санкциялардын кезектеги баскычы 5-ноябрда күчүнө киргени турат. Ал Ислам жумуриятынын экономикасынын өзөгүн түзгөн мунай тармагына каршы багытталат. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф 30-октябрда Вашингтондун аракеттерин дагы бир жолу сынга алды:
- Бул өлкө башка мамлекеттерди жазалай алабы, алар өздөрү канчалык мыйзамды сактап жатат? Мындай ыкма болочокто дүйнө тартибине кесепетин тийгизет. Ошондуктан, көрүп жатасыздар, бардык өлкөлөр, биздин кошуналарыбыз да, европалыктар да башка мамлекеттер менен катар бул санкциялык чараларга каршы болуп жатат.
Ирандын Азиядагы ири кардарларынын ичинен Жапония менен Түштүк Корея АКШнын санкциялары күчкө кирерде андан мунай сатып алууну токтотту.
Тегерандын эң ири мунай сатып алуучусу – Кытай менен Индия мунай импортунан баш тартпачудай.
Кытайлык жана индиялык расмий өкүлдөр түшүндүргөндөй, буга дүйнөлүк базарда Ирандын кара майынын ордун толтургудай башка жетиштүү булактын жоктугу себеп болууда.
Кытай - Ирандан эң ири өлчөмдө мунай импорттогон өлкө. Ал Ирандан күнүнө 500-800 миң баррель же айына 1,5 миллиард долларлык кара май алат. Индия болсо Ирандан мунай импорттоо жагынан Кытайдан кийинки эле экинчи орунда.
Кытай 2015-жылы Тегеран менен Ирандын өзөктүк программасын көзөмөлдөө келишимине кол койгон Европа мамлекеттери менен сүйлөшүү жүргүзүп, Иран мунайын үчүнчү тарап аркылуу АКШ долларын колдонбой жана санкцияны бузбай сатып алуу жагын да караштырып жатат. Кытай өз акчасы – юанды эл аралык жүгүртүүдөгү валютага айлантууга кызыктар. Дүйнөдө болсо мунайдын көбү АКШ доллары менен сатылып алынат.
Индиянын болсо Иран менен мамилеси жакшы. Расмий Дели БУУнун чектөөлөрүн гана тааный турганын, кайсы бир жалгыз-жарым тараптардын санкцияларын аткарбай турганын билдирген. Бирок Индия Вашинтон менен да араны суутуп албаш үчүн Иран мунайынан толук баш тартпаса да, анын көлөмүн азайтууга барды. Индия мунай керектөөсүнүн 80 пайызын сырттан импорттойт.
Америкалык расмий өкүлдөр алдыда башка мамлекеттер Ирандан алган мунай импортун “нөлгө” түшүрүш үчүн иш жүргүзөрүн айтышкан. Ирандын бийлиги болсо андай болушу такыр мүмкүн эмес экенин билдирип келе жатат.
14-октябрда Тегеран университетинде жаңы окуу жылын ачып жатып Ирандын президенти Хасан Роухани Американын өкмөтүн Ирандын бийлигин алмаштырууну көздөгөн "психологиялык жана экономикалык тактика колдонуп жатат" деп айыптаган.
Ирандын вице-президенти Исхак Жахангир 28-октябрда Ирандын мунай экспорту күнүгө бир миллион баррель көрсөткүчтөн азайбайт деди. Бирок АКШ санкцияларына чейин Тегеран күнүгө эки жарым миллион баррелге чейин кара май өндүрүп келген.
Иран өзүнүн өзөктүк куралынан баш тартса ага карата эл аралык санкцияларды алууну камтыган келишимге 2015-жылы Иран, АКШ, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон. Расмий Тегеран келишимдин шарттарын сактап келе жатканын айтууда.
Евробиримдик да АКШ менен макул болбой, санкцияларга каршы чара иштеп чыгарын билдирген.
АКШ менен Израилдин бийлиги үч жыл мурун келишим Иранга өзөктүк куралды тымызын иштеп чыгууга шарт түзгөн деп эсептейт. Тегеран бул айтылгандарды четке кагып келет.
Вашингтон “Ирандын экономикасына жана өзөктүк курал жасоосуна жардам берсе, башка өлкөлөргө да, жеке компанияларга да санкция салаарын эскерткен. Ошондон кийин франциялык “Тотал”, британиялык “Бритиш Эйрвейз” жана башка компаниялар Ирандагы иштерин токтоткон.