Кытайдын Ден соолук жана үй-бүлөнү пландоо комиссиясы 23-январда жарыялагандай, 2016-жыл ичи өлкөдө 17,86 миллион бала төрөлдү. Бул 2011-2015-жылдардын аралыгындагы орточо көрсөткүчтөн 1,4 миллионго же 7,9% көп дегенди билдирет.
Жергиликтүү China Daily басылмасы өкмөттүн расмий документине шилтеме берип жазгандай, 2016-жылы жарык дүйнөгө келгендердин 45% ашууну өз үй-бүлөлөрүндөгү алгачкы чүрпөлөр эмес.
Ушул эле басылма Ден соолук жана үй-бүлөнү пландоо комиссиясынын 2015-жылкы сурамжылоосу ага тартылгандардын 75% жакыны экономикалык каатчылыктан улам экинчи балага ашыкпай турганын ачыктаганын эске салат.
Мамлекеттик “Синхуа” агенттиги 2016-жылы жарык дүйнөгө келген ымыркайлар саны 2000-жылдан берки эң жогорку чекке чыкканына көңүл бурду.
Ал эми Ден соолук жана үй-бүлөнү пландоо комиссиясынын өкүлү Ян Вэнчжуан Бээжиндеги басма сөз жыйында төрөт көрсөткүчү боюнча жаңы статистиканы “экинчи бала” саясатынын оң натыйжа бере баштаганы катары сыпаттады.
Орусиялык кытай таануучу Алексей Маслов “Азаттык” радиосу менен маегинде белгилегендей, жакынкы убакытка чейин бир бала саясатын таңуулап турган кытай бийликтеринин эми ымыркайлар саны өсө башташын маңдай жарыла жарыялап жатышынын себептери бар:
- Кытай калк саны өсө баштаганына эмне үчүн расмий кубанып жатат? Анткени, эгер калк саны көбөйбөсө бери дегенде 2030-жылга чейин кытайлардын ар бири кеминде эки адам үчүн иштемек. Себеби, пенсионерлердин, иштебеген калктын саны кеминде элдин үчтөн бирин же андан да көбүрөгүн түзүп калмак. Андыктан, Кытай үчүн али сакталып турган актуалдуу көйгөйлөрдүн бири - жумушчу күчүнүн картайуусу. Ошол эле учурда анын ири коңшуларында, мисалы Индияда жумушчу күчү жашарууда. Ооба, Кытайдын калкы принцибинде мурда эле өсүп келген. Бирок, эл ансыз деле жыш жашаган өнөр жайлуу райондордо эле. Азыр эл азыраак жана өнөр жай өспөй жаткан райондордо көбөйсө деген максат коюлуп жатат. Бул борбордук Кытай, Ички Монголия жана өлкөнүн чет жакаларындагы улуттук райондор. Бээжин эми калк саны өскөнүнө расмий сүйүнүү менен иш жүзүндө төрөттү чектөө боюнча буга чейинки саясаты жаңылыштык болгонун да моюнга алып жатат. Бул өз кезегинде олуттуу структуралык кризиске алып келди.
1979-жылдан тарта “бир бала” саясатын кармап келген Кытай бул эрежеден 2015-жылдын октябрында баш тарткан эле.
Демограф адистердин болжолунда, “жалгыз бала” саясаты 35 жыл ичинде Кытайда калк саны өсүшүн 400 миллионго кыскарта алды. Бирок, ошол эле учурда 2014-жылдын соңуна карата кытайлардын дээрлик үчтөн биринин курагы 50дөн ашып кеткен.
Орусиялык кытай таануучу Алексей Маслов “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, аталган саясат өз кезегинде эсепте жок эл катмарынын жаралышын да шарттаган.
- Кытайдын калкы адатта статистика эсептегенден көп болчу. Себеби, көбүнесе айыл жерлеринде кыздарды каттоого албай коюшчу. Анткени, экинчи бала үчүн айыппул төлөөгө туура келет эле. Мындан улам ар кандай эсептер боюнча өлкөдө жоголгон деп айтышкан калктын саны 10 миллиондон 60 миллионго чейин жетет. Калктын бул бөлүгү үчүн бюджетте акча каралбайт. Алар мектеп, университеттерде расмий окуй алышпайт. Башкача айтканда, өлкөдө жок да. Андыктан, бул жагынан калктын өсүшүн кантип пландоо керек деген маселе чыгууда.
Ден соолук жана үй-бүлөнү пландоо комиссиясынын эсебинде, өлкөдө 2020-жылга чейин бала төрөй турган курактагы аялдар саны жылына беш миллионго кыскарып турат экен. Бирок ага карабай кытай бийликтери эми “экинчи бала” саясатынын арты менен төрөт көрсөткүчү жылына 17-20 миллиондун тегерегинде кармалат деп үмүттөнүүдө.
Натыйжада калк саны 2020-жылдын аягына барып, 2014-жылдын соңундагы 1 миллиард 370 миллиондон 1 миллиард 420 миллионго чыгышы күтүлөт. Ал эми 2030-жылы өлкө калкынын саны 1,45 миллиардга жетет, “экинчи бала” саясатынын натыйжасында 2050-жылы 15-59 жаш ортосундагы ишке жарамдуу калктын саны азыркыдан 30 миллионго көбөйүшү керек.