Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:08

"Чет элдик өкүл": Садыр Жапаров талаштуу мыйзамга кол койду


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Президент Жапаров 2-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, мыйзамга кол койгонунун себебин түшүндүрдү.

Ал жергиликтүү бейөкмөт уюмдар бул мыйзам боюнча чет өлкөлүк өнөктөштөргө туура эмес маалымат бергендиктен алар документке кол койбоону суранышканын, мыйзам өкмөттүк эмес уюмдардын ачык-айкын иштеши үчүн керек экенин жазды.

“Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат. “Бизге куугунтук болот. Бизди "чет өлкөнүн агенти" деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошон үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартууну суранып жатышат. 30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек”, - деп жазды президент.

Садыр Жапаров президент катары “эч кандай куугунтук болбойт” деп кепилдик берерин белгиледи жана буга чейин бейөкмөт уюмдарды отчет бербей келген деп айыптады.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Ага ылайык:

Үчүнчү окуудан өткөн долбоорго ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. “Чет элдик өкүл” катары каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.

“Мамлекеттик органдардын чечимине таасир этүүнү”, ал органдар жүргүзгөн “мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү” жана бул багытта “коомдук пикирди түзүүнү” көздөгөн саясий акцияларды уюштурган жана аларды каржылаган уюмдар саясий ишмердикке катышкан болуп таанылат.

Илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандарды социалдык колдоо, спорт, экология жана кайрымдуулук багытында иш алып барган уюмдар саясатка аралашты деп эсептелбейт.

“Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүгө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз бериши мүмкүн.

Башында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алынып салынган.

Адам укугу, сөз эркиндиги жаатындагы эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырган. АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери тынчсыздануусун билдирген.

"Адилет" укуктук клиникасы буга чейин депутат Надира Нарматова жазган бул мыйзам долбооруна анализ кылып, 98% Орусияныкынан көчүрүлгөнүн билдирген.

Март айында Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо уюмунун төрагасы Ян Рачинский, мигранттарга жана качкындарга жардам берген кайрымдуулук уюмунун башчысы Светлана Ганнушкина, жазуучу Борис Акунин жана “Машина времени” тобунун жетекчиси, музыкант Андрей Макаревич сыяктуу коомдук жаан маданий ишмерлер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, Жогорку Кеңеш кабыл алган “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына вето коюуга чакырышкан.

Алардын видео кайрылуусу Amnesty International (AI) эл аралык уюмунун сайтына жарыяланды. Анда Орусияда алар “чет элдик агент” макамын алып, бир топ кыйынчылыктарга туш болушканын айтып беришкен.

Коомдук ишмер Ян Рачинский Орусияда бейөкмөт уюмдардын каржыланышынын ачыктыгын камсыздоо үчүн кабыл алынган мыйзам жыйынтыгында репрессиялоо үчүн иштеп жатканын белгилеген. Кайрылгандар мыйзам аркылуу сөз эркиндиги, жарандык коомдун өкүлдөрү болуп көрбөгөндөй кысымга кабылып, өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө дагы тоскоол болуп жатканын айтып беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG