Тажик президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Худойберди Холикназаровдун “Азаттык” радиосунун тажик кызматына айтканына караганда, чечимдин саясат менен эч байланышы жок. Холикназаров журналисттерди "чуу” көтөрбөөгө чакырды.
Ал эми мамлекеттик “Кабар” агенттигине чыккан билдирүүдө "чек арадагы учурдагы кырдаалга байланыштуу коопсуздук маселесинен улам, ошондой эле мындай жүрүш ислам баалуулуктарына туура келбегендиктен буга тыюу салынганы" жазылган.
Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов тажик бийлигинин бул чечимине өкүнүч билдирди. Ал Жеңиш күнүн утурлай өтүп жаткан жыйында “фашисттик баскынчыларды жеңүүдө тажик эли дагы өз салым кошкон, бул акциянын эч кандай саясаты жок эле” деп айтты.
9-май - Жеңиш күнүндө Орусиядагыга үндөш “Өлбөс полк” жүрүшүн өткөрүүгө Тажикстан былтыр алгачкы жолу уруксат берген. Дегеле, Борбор Азия өлкөлөрүндө эки жылдан бери “Өлбөс полк” жүрүшүнүн айланасындагы талкуулар коомчулукта да, социалдык тармактарда да кызуу талаш жаратып келет.
Тажикстандык эксперт Рашид Гани бул боюнча мындай пикирде:
- Бул элдик жана коомчулуктун демилгеси болгондуктан колдоо таап келген. Эгерде бийлик тарабынан өткөрүлсө мындай болмок эмес. Эми мындан саясий максат таап, аны өткөрүүдөн баш тартышты. Бирок бул мурдагы СССРде жашаган элдин баарына тиешелүү окуя да.
Тажикстанда согушка катышкан 447 ардагердин көзү тирүү.
Ал ортодо Орусиядагы “Левада” борбору сурамжылоо жүргүзүп, “орусиялыктардын 65% бул акцияга катышкысы келбейт" деген жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, 2017-жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу “Өлбөс полктун” колдоочулары эки эсе төмөндөп кеткен. Бул социологиялык изилдөөдө быйыл орусиялыктардын 26% гана макул десе, 65% “Өлбөс полк” жүрүшүнө катышууну каалабай турганын билдирген, ал эми 9% так жооп бере алышкан эмес. Былтыр ушул эле сурамжылоонун жыйынтыгында 73% макул десе, 24% орусиялык катышкысы келген эмес.
"Өлбөс полк" жүрүшү мурдагы советтик республикалардын айрымдарында бир нече жылдан бери уюштурулуп келет. Анда жүздөгөн кишилер ардагерлердин жана согушта шейит болгон жакындарынын портреттерин көтөрүп "Өчпөс отко" келип таазим кылышат.
Айрым массалык маалымат каражаттарында быйыл Өзбекстанда дагы бул жүрүштүн форматы өзгөртүлгөнүн маалымдашты.