"Регнум" Казакстанда балдар, студенттер менен ардагерлер өз кирешеси жөнүндө өкмөткө билдирүүгө милдеттендириле турганын жазат. 2020-жылдан тартып Казакстанда 12,9 миллион калк, анын ичинде чет өлкөлүктөр, кыймылсыз мүлккө ээ болгон балдар, студенттер жана пенсионерлер кирешелерин ачыкка чыгарышы керек болот.
Декларацияда үйдө сакталган акчанын сумманын да көрсөтүү талап кылынат. Июлда Казакстанда иштеген эмгек мигранттарына 9 620 теңге өлчөмүндө салык төлөмүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканы айтылат.
Агенттик Тажикстанда өкмөт шаарлар менен райондордогу үйлөр менен имараттардын чатырларын бир өңчөй түскө боёону буйруганын да кошумчалайт. Мисалы, Дүйшөмбүнүн бир тарабындагы имараттардын чатырларын жашыл түскө, экинчи тарабын сыя түскө сырдоо тапшырылган. Муну менен бийлик шаарлардын көркүн ачууну көздөйт. "Бирок өкмөттөн каражат бөлүнбөгөндүктөн, тажикстандыктар чыгымдарды өздөрү көтөрөт" деп жазат "Регнум" агенттиги.
"Фергана" интернет-басылмасы орусиялык "Газпром" ишканасы Тажикстанда мунай менен газ кендерин чалгындоо иштерин токтотконун баяндайт. Муну кабарлаган тажик бийлиги "Газпром" Сарикамыш кенинде бир гана скважина казганына, кен чалгындоо иштери толук жүргүзүлбөгөнүнө нааразылык билдирген.
"Газпром" Сарикамыш жана Шохамбара кендерин чалгындоого 2009-жылы лицензия алган. Эки жыл мурун "чалгындоо иштеринен эч майнап чыкпаганы" айтыла баштаган. Башында Сарикамыш эң келечектүү кен катары бааланып, 60 миллиард кубометр газы бар деп бааланып келген эле. Мурдатан орусиялык компания Саргазон менен Ренган кендерин иликтөөдөн баш тарткан.
"РИА Новости" Тажикстандагы Сарез көлү ташкындоо коркунучунда турганын баяндайт. Тажик өкмөтүндөгү Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин башчысы Талбак Салимов Борбор Азиядагы ири суу ташкынынын алдын алыш үчүн Сарездеги сууну тез арада агызып жиберүү же каалоочуларга сатуу керек экенин айтып чыккан.
Сарез көлү Тоолуу Бадахшан облусундагы Мургаб районунда жайгашкан. Анын узундугу 70 чакырым, тереңдиги 500 метр, анда 17 чарчы чакырым суу сакталат. Көл жер титирөөдөн кийин пайда болгон. "Сарезде суу ташкындаса Арал деңизине чейин сел каптап, 6 миллион адам коркунучка кабылат" деп жазат "РИА Новости".
Ал арада орусиялык "Спутник" маалымат агенттиги расмий Дүйшөмбү Сарездеги сууну эмес, көлдүн өзүн кытай компаниясына сатууну ойлонуп жатканын маалымдайт. Борбор Азия боюнча Москвадагы эксперт Андрей Грозин Тажикстан көлдү кытайларга сатып жиберсе, мындан Өзбекстан жабыр тартпайт деп ишендирген. Кытайдын "Heaven Springs Dynasty Harvest Group" компаниясы азыр Сарезден суу сатып алып, Тажикстанда таза суу өндүрүшүн ачып, аны аймакка сатууга бел байлап жатканы кошумчаланат.
"Газета. Ру" Өзбекстан чет жактан кайтып келген эмгек мигранттарына жеңилдетилген насыя таратууга убада берип жатканына токтолот. Калкты иш менен камсыз кылуу боюнча президенттин токтомуна ылайык 7 пайыздык насыя чакан айыл чарба менен ишкердикке 11 миң долларга чейин, миграциядан кайткандарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана оор социалдык абалдагы аялдарга 2,5 миң долларга чейин берилмекчи. Мындай насыя үчүн өзбекстандыктар биринчи жарым жылда салыктардан бошотулуп, насыяны күрөөсүз ала алышат.
"Газета.Ру" былтыр Өзбекстанда мекеме-ишканаларга калктын социалдык жактан жабыркаган топторуна атайын жумуш орундарын түзүү тапшырылганын эске салат. Андан тышкары өзбек өкмөтү чет жакта иштеген мигранттардын укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоо фондун түзүүгө 26 миллион доллар бөлүүгө да убада берген.