Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Каталонияда жикчилдердин соту башталды


Каталон жикчилдеринин сот процесси. 12-февраль, 2019-жыл. Мадрид.
Каталон жикчилдеринин сот процесси. 12-февраль, 2019-жыл. Мадрид.

Мадридде Каталониянын жикчил жетекчилеринин соту башталды. Аларга "мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланышкан жана козголоң уюштурушкан" деген олуттуу айыптар тагылууда.

Бул сот процессин бүтүндөй Испания күтүп келген. Жогорку соттун имаратын полиция, терроризмге каршы атайын бөлүктүн кызматкерлери кайтарып турушат. Соттолуучулар шейшемби күнү эртең менен Мадриддин четиндеги түрмөдөн сотко жеткирилди.

Бир нече айга созулганы жаткан процессте 500дөй күбө көрсөтмө бермекчи. Арасында мурдагы премьер-министр Мариано Рахой, Барселона шаарынын мэри Ада Колау жана башка жетекчилер бар.

Бардыгы болуп 12 киши сот жообуна тартылууда. Алардын арасында Каталониянын аткаруу бийлигинин мурдагы жетекчилери, мурдагы вице-президент Ориол Жункерас, регионалдык парламенттин экс-төрайымы Карме Форкадел бар экени белгилүү. Булардын ичинен тогуз кишиге көтөрүлүш уюштуруу боюнча айып коюлуп, 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал эми бул иштеги борбордук фигура – Каталониянын мурдагы президенти, 2017-жылкы референдумдун негизги демилгечиси Карлос Пучдемон сыртынан соттолууда. Ушу тапта жикчилдердин лидери Белгияда баш калкалап жүрөт.

Сот "Мамлекеттик институттарга каршы көтөрүлүш болгонбу?" деген суроого жооп алууну көздөйт.

Айыпталып жаткандардын адвокаты Хорди Пино процесстин адилет өтөрүнөн күмөн санап жатканын жашырган жок:

- Соттук териштирүү адилет өтпөйт деп айтууга объективдүү жүйөбүз бар. Биз жөн жерден айтып жаткан жокпуз. Бизде ошондой болушу мүмкүн деген бекем далилдер бар. Тагырагы, биздин кардарларыбыз ушундай ойду карманышат. Бирок баары бир ошондой ой жаңылыш болуп жүрбөсүн деген үмүтүбүз жок эмес.

2017-жылдын күзүндө Испаниянын эң бай аймактарынын бири Каталониянын жетекчилиги Мадриддин каршылыгына карабай эгемендик алуу боюнча референдум өткөргөн.

Аймактын парламенти талаштуу добуш берүүнүн жыйынтыгын жүйө кармап, Каталониянын эгемендигин жарыялаган. Испан өкмөтү бул кадамды мыйзамсыз деп баалап, каталон парламентин таркатып, жаңы шайлоо жарыялаган, жикчил жетекчилерге кылмыш иши козголгон болчу. Ошондон бери өлкөдө саясий чыңалуу кайсы бир деңгээлде сакталып келатат жана бул сот абалды жакшы жагына өзгөртөт деген үмүт аз.

Өткөн жекшембиде оппозиция Мадриддин көчөлөрүнө түмөндөгөн тарапкерлерин алып чыкты. Чогулгандар өкмөттүн Каталониядагы чыңалууну басаңдатуу планына каршылыгын билдиришти.

Борборчул-оңчул жана ашынган оңчул партиялар сегиз айдан бери өкмөттү жетектеп келаткан премьер-министр Педро Санчес жикчилдер менен сүйлөшүү ниети аркылуу чыккынчылык кылды деген жыйынтыкка келип, аны бийликтен кетирүүнү көздөшүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG