Бул Калифорниянын тарыхындагы эң чоң өрт катары бааланып жатат. Жүздөгөн имараттардын күлү эле калган. Өрттү өчүрүүгө катуу шамал тоскоолдук кылууда.
Куткаруучулар АКШнын Калифорния штатынын өрт чалган шаарларынан 200 миңдей кишини коопсуз жайга көчүрүштү. Аймактан жылкы, эшек, чочко, коён жана башка короодогу мал-жандыктар да башка жерлерге ташылууда. Ошентсе да токойдо башталган жалындаган өрт ушул күнгө чейин ондогон кишинин өмүрүн алып кетти.
- Менин оор милдетим - биз бүгүн тапкан адамдардын сөөктөрү тууралуу сиздерге маалымат берүү. Биз бүгүн дагы 13 сөөктү аныктадык. Буларды кошкондо өлгөндөрдүн саны 42 адамга жетти. Акыркы 13 сөөктүн 10у Парадайстан табылды. Жети кишини үйдүн ичинен, үчөөнү сырттан көрдүк, - деди аймактын шерифи Кори Хонеа.
АКШнын бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, өрттөн каза тапкандардын акыркы саны 44 кишиге жетти. Өлгөндөрдүн дээрлик баары штаттын түндүгүндөгү Парадайс шаарынан же анын жака-белиндеги райондор менен шаарлардан болушат. Айрым өлүктөр автоунаалардын ичинен табылган. Кеминде 228 адам расмий дайынсыздардын тизмесине киргизилди. Бирок дагы жүздөгөн киши жакындары менен байланыш болбой жатканын айтып кайрылган.
- Мен булардын аттарын эфирге айткым келген жок, бирок менин эки досум дайынсыз болуп жатат. Анын бири Магалиядан, экинчиси Парадайстан болот. Мен алар өлгөндөрдүн арасында жок деп үмүттөнөм, - деп билдирди “Reuters” агенттигине Парадайс шаарынын тургуну.
Калифорния штатындагы Парадайс, Бьютт-Крик, Конго, Магалия, Рай жана башка шаарлар менен райондордон 200 миңдей адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Айрымдары өрт чыкканда өздөрү эптеп качып кеткенге үлгүрүшкөн. Калифорниядагы токойдо жүздөгөн чакырымга жеткен өрттөн жети миңдей имарат жарактан чыкты. Айрым үйлөр күлгө айланган.
Миңдеген өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышканы менен табият кырсыгын токтотууга азырынча мүмкүн болбой жатат. Өрттү аба ырайы да күчөтүүдө. Синоптиктердин маалыматына караганда, кургак аба ырайы жана саатына 64 чакырымга жетип жаткан катуу шамал жок эле дегенде дагы бир күнгө созулат.
Аймактын шерифи Кори Хонеа колдон келишинче аракет кылууга убада берди:
- Бул такыр болуп көрбөгөндөй окуя. Эгер сиздер да ал жерге барган болсоңуздар, биз туш келген кырдаалдын масштабын билесиздер. Биз мүмкүн болушунча, колдон келишинче элге зарыл болгондой калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошон үчүн биз кошумча күчтөрдү да тартабыз. Анткени мен бул иштин мүмкүн болушунча эртерээк, натыйжалуу жана туура жасалышын каалайм.
Кори Хонеанын сөзүнө караганда, бул Калифорниянын тарыхындагы эң ири өрт деп бааланууда. 1933-жылы штаттагы Лос-Анджелес шаарындагы паркта чыккан өрттөн 29 киши көз жумган. Ошол эле кезде айрым басылмалар бул табият кырсыгын жалпы АКШнын тарыхындагы эң чоң өрт катары мүнөздөп жатышат.
Президент Дональд Трамп 8-ноябрдан бери уланып жаткан Калифорния штатындагы өрттү “ири табигат кырсыгы” деп атады.