Президент Садыр Жапаров Германия жана Франциянын элчилери, Улуу Британия менен Америка Кошмо Штаттарынын ишенимдүү өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер менен сөз эркиндигинин абалын талкуулады.
4-ноябрдагы жолугушууга Франциянын элчиси Франсуа Делаус, Германиянын элчиси Габриэла Геллил, АКШнын Бишкектеги убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана Улуу Британиянын ишенимдүү өкүлү Энн Херриган катышкан.
Тараптар Кыргызстандагы сөз эркиндиги, журналисттердин ишмердиги жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу соңку окуяларды талкуулашканы белгилүү болду.
Президенттин баса сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров Кыргызстан ар дайым мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин, адам укуктары менен эркиндиктери өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин белгиледи.
"Эркиндик жоопкерчиликке, жоопкерчилик эркиндикке алып барат, канчалык эркиндик көп болсо, ошончолук жоопкерчилик артат. Кыргызстанда эч ким бузбай турган бирден-бир талап — учурдагы мыйзамдарды катуу, так сактоо жана аткаруу".
Франция менен Германиянын элчиликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө жолугушууда чек арадагы көйгөйлөр да талкууланганы айтылат.
"Кыргыз өкмөтүнүн коңшу өлкөлөр менен көптөн бери чечилбей келе жаткан чек ара көйгөйлөрү өз ара кызыкчылыктарды көздөө менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде, Борбор Азиянын бардык калкынын жыргылчылыгы үчүн чечилиши керек".
Сөз эркиндиги маселеси курчуган маалдагы жолугушуу
Президент Жапаровдун АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн дипломаттары менен жолугушуусу Кыргызстанда сөз эркиндиги кызуу талкууланып жаткан учурга туш келди.
26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.
31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. “Азаттык Медиа” 31-октябрда жана 1-ноябрда банкка кат жолдоп, түшүндүрмө сураган.
Милиция Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 20дан ашуун саясатчы жана активистти "калайман башаламандык уюштурууга" айыптап, 23-24-октябрда кармап кеткен. Алардын дээрлик баары эки айга тергөө абагына камалган.
Андан кийин, 1-ноябрда эркин журналист Семетей Талас уулу кармалып, 3-ноябрда сотто бөгөт чарасы каралгандан кийин үй камагына чыгарылган. Ал буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип келген.
"Азаттыктын" сайты менен банктагы эсебинин бөгөттөлүшү, жапырт камоолор боюнча бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, демократиялык принциптерди бекем карманууга чакырган.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Кыргызстан эл аралык деңгээлде демократиялык баалуулуктарга маани берерин айтып келгени менен, өлкөдөгү соңку окуялар бул позицияга каршы келет деген ойдо.
"Соңку кездери сөз эркиндигин, чогулуу жана пикир эркиндиктерин кысымга алган, чектеген аракеттер, менимче, Кыргызстандын, биринчи кезекте элибиздин керегине тиешелүү маселелер. Чет мамлекеттер, өнөктөштөрүбүз, ошонун арасында билдирүү жасаган төрт өлкө да, ушундай баалуулуктарга, принциптерге өзгөчө маани берерин баарыбыз билебиз. Муну президент да, бийлик да билет. Биз, бийлик дагы эл аралык аренада "Кыргызстан демократиялуу, эркин жарандардын өлкөсү" деп даңазалап келебиз. Бирок соңку кездерде орун алып аткан аракеттер бул сөздөргө караманча каршы болуп жатат".
Соңку окуялар Кыргызстанды кайда алып барат?
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыктын" сайты эки айга бөгөттөлгөндөн кийин, 28-октябрда өлкөдөгү сөз эркиндиги тууралуу билдирүү тараткан.
Анда "Кыргызстандагы эркин медиалардын ишине эч кандай чектөө болбогонун, бардык тарапка мыйзамды кынтыксыз аткаруу тарабы коюлуп жатканын" айткан.
Басма сөз катчы сөз эркиндиги ар дайым жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоону эскерткен.
Бейпилдик орнотуу боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров Кыргызстандын эли ар дайым ой-пикирин эркин билдирүүгө умтулуп келгенин белгиледи.
"Сөз эркиндиги кыргыздардын ичиндеги эң чоң байлыктардын бири. Бул кечээ эгемендик алгандан кийин эле чыга калган нерсе эмес. Советтик авторитаризм өкүм сүрүп турган кезде деле Кыргызстандын ичинде салыштырмалуу сөз эркиндиги болгон, өзүнүн эркин ойлорун, позициясын кармап келген мамлекеттерденбиз. Кыргыз дайыма акыйкаттыкты айта бере турган эл. Анын оозун оңойчулук менен жаап коюу кыйын болуш керек".
Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошкон. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөдү. Бул деген өлкөдө жарандардын саясий укугу жана эркиндиги начарлап кеткенин көрсөтөт.
Эл аралык укук боюнча адис Таттуубүбү Эргешбаева жапырт камоолор менен сөз эркиндигине жасалган басымдар Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги көрсөткүчтөрүн төмөндөтөт деген ойдо.
"Бул окуялар өтө орчундуу нерселерге алып келет. Эл аралык майданда биз демократиялык рейтингде, коррупцияны жоюу, ачык өлкө, адам укуктарын сактоо, сөз эркиндиги боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында жогору турчубуз. 2020-жылдан бери рейтингде 5-6 баскычка түшкөнбүз. Эми 2022-жылы дагы ылдыйласак, анда мындан ары өзгөчө бийликте, саясий кызматта отурган адамдарга карата санкциялар болушу мүмкүн. Андан ары экономикалык санкциялар болушу мүмкүн. Саясий климат башка багытта, мамлекеттик программаларда каралгандай аткарылбаса, анда анын жыйынтыгы саясий-дипломатиялык начар жыйынтыктарга алып келет. Андан тышкары, бизде экономикалык мүмкүнчүлүктөр азайышы мүмкүн. Биз билгендей, Европа өлкөлөрү менен ВСП+ программасы бар. Ошолордун баарын жакшы эсептеп чыгыш керек. Бирок бүгүнкү күндө иштеп аткан Конституция менен бардык тышкы саясаттын кепилдигин бизде өлкө башчысы-президент жана Коопсуздук кеңеши карап бере алат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө бардык чече турган адам – бул бир гана президент".
Өлкөдөгү оппозициячыл маанайдагы саясатчылар, активисттер, бир катар эл аралык уюмдар жаралган кырдаалга камтамачылыгын билдирип жатышат. Буга чейин Евробиримдик, Human Rights Wacht уюму баштаган бир нече эл аралык институттар кайрылууларды таратышкан.
Бийлик башчылары болсо өз билдирүүлөрүндө демократиялык жолдон тайбай турганын убада кылып келишет.