Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Браун шайлоо алдындагы шашмалактыгы үчүн кечирим сурады


Британияда келерки аптада парламентке шайлоо өтөт. Анын алдынан үч негизги партиянын лидерлери бүгүн акыркы ирет теледебатка чыгышат. Шайлоого ат салышып жаткандардын бири, азыркы премьер-министр Гордон Браун шайлоочулардын бирин “тар ойлуу” деп, капа кылып алды.

Британиядагы шайлоолордо мурда бир жолу да теледебат өткөн эмес. Быйыл дүйнөдөгү жалпы практика бул мамлекетте алгачкы ирет колдонулууда. 6-майга белгиленген парламенттик шайлоодо ат салыша турган партиялардын ичинде үчөөнүн лидерлери буга чейин эки ирет теледен талашып-тартышышты.

Коом пикирин билүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, бул ирет Браундун лейбористтер партиясы жеңишке жетишпейт окшойт. Азырынча адамдар консерваторлорго көбүрөөк колдоо көрсөтүшүүдө. Андан кийин либерал-демократтар турушат.

Ошентсе да парламенттеги көпчүлүк орунду жалаң бир партия алышы мүмкүн эмес дешет. Аналитиктер негизи бул жолку шайлоо такыр күтүлбөгөн жыйынтыктарды бериши мүмкүн экенин айтышууда.

Соңку, үчүнчү дебатта Браун азыр эмне дээр экен дегендер көп. Анткени анын алдынан премьер-министр менен байланышкан чуулгандуу окуя болуп кетти. Браун региондорду кыдырып жүрүп, шайлоочулар менен жолугушууда 65 жаштагы бир аял менен сүйлөшүп калат.

Пенсионер Джиллиан Даффи премьер-министрге миграция, билим берүү, социалдык коргоо боюнча өтө курч суроолорду берип туруп алды. Сүйлөшүүдөн кийин көкүрөгүндөгү микрофонду өчүрүүнү унутуп калган Браун машинесине отуруп, өзүнүн жардамчысына: “Ким мени бул аял менен сүйлөштүрүп койду. Ал көзү жеткенден арыны көрө албаган тар ойлуу катын турбайбы” деп салат.

Көрсө Браундун көкүрөгүнө тагылган микрофон өчүрүлгөн эмес экен. Анын айткандарын тележурналисттер жазып алышыптыр. Мына ушул окуядан кийин Браунга сын аябай күчөдү. Көптөр аны ушул окуядан кийин урматтабай калышканын, өзү жетектеген лейбористтердин партиясына көлөкө түшүргөнүн айтышты.

Премьер-министр Гордон Браун ал аялдан кечирим сурап, пенсионердин үйүнө кайра келип-кетти. Жарым сааттай аны менен сүйлөшкөндөн кийин, Браун журналисттерге: "Кээде адам өзүң айтууну каалабаган нерсени да айтып алат экенсиң, кээде жаңылып сүйлөп аласың. Мындай учурда катаны тез арада оңдош керек. Ошон үчүн мен Жиллианга келип, натуура сүйлөп алганым үчүн андан кечирим сурайын дедим. Мен ал айткан айрым нерселерди туура түшүнгөн эмес экем", - деди.

Бирок ал алгач айткан сөзү пенсионер аялдын ойлоруна кошулган көптөгөн шайлоочуларды капа кылганы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG