Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Бразилия: президент сынга жооп кайтарды


Бразилиялык күйөрмандар.
Бразилиялык күйөрмандар.

Бразилиянын президенти Дилма Русеф өлкө футбол боюнча дүйнө чемпионатына даяр деп ишендирди.

Стадиондордогу иштер салтанаттуу ачылышка саналуу сааттар калганда уланып жатты. Бүгүн баштала турган чемпионатка 32 өлкөнүн улуттук командалары катышат.

Дүйнө чемпионатынын ачылышын утурлай телекайрылуу жасаган президент мелдешти уюштуруу кыйын болгону менен 12 стадион даяр турганын айтып, "чет өлкөлүк ышкыбоздорду бразилиялыктар кучак жайып тосуп алууга даяр" деди.
Чемпионат 12-июнда Бразилия менен Хорватиянын “Арена Коринтианс” стадионундагы беттешүүсү менен башталмакчы. Бирок Сан-Паулу шаарынын чет - жакасындагы стадионду оюнга даярдоо иштери акыркы саатка чейин уланчудай.
Русеф чемпионатка 11,5 миллиард доллар акча кетти, коррупцияга жол берилди деген сын-пикирлерди четке какты. Президент чыгымдардын бардыгы жакшылап текшерилип, мыйзамсыз иштерге жол берилген болсо, күнөөлүүлөр жазаланат деп ишендирди.

- Айрым адамдар чемпионатка сарпталган акчаны андан көрө саламаттыкты сактоо, билим берүүгө коротуш керек болчу дешет. Мен алардын пикирин урматтайм, бирок алар менен макул эмесмин. Бул жалган дилемма,- деди Русеф.

Каражат инфраструктурага салынганын белгилеген президент, бразилиялыктар аны дагы көп жыл пайдаланса болот, коноктор анын бардыгын көтөрө кетишпейт деди.

Дүйнө биринчилиги жакындаган сайын уюштуруу иштери начар, бюджеттен ашыкча акча жумшалып атат дегендердин нааразылык акциялары күчөдү.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, айрым социалдык долбоорлор, шаарларды көрктөндүрүү иштери чемпионаттын айынан жылдырылып же бийликтер алардан таптакыр баш тартып коюшту.

Шаршембиде Сан-Паулу шаарынын метро кызматкерлери дээрлик 1 жумага созулган иш таштоосун 2 күнгө токтоткону менен, чемпионат башталгандан кийин акциясын улантышарын айтышууда.

Шейшембиде полиция иш таштоого катышкан жумушчуларды жаш агызчу газ менен кууп таркаткан. Кесиптик кошуундар айлык акыны 12 процентке көбөйтүүнү талап кылышууда. Бирок өкмөт 8,7 проценттен көп акча кошууга макул эмес.

Метро токтоп калса, он миңдеген туристтер менен ышкыбоздордун оюндарга баруусу чоң проблемага айланчудай.

Президент телекайрылуусунда нааразылык акциялардын чемпионатка тоскоол болушуна жол берилбейт деп ишендирди:

- Биздин жарандарга эркиндиктер берилген. Элдик демонстрациялар жана элдин талаптары өнүгүүгө, демократиялык түзүлүштөргө жардам берет. Ал институттар демонстрацияга чыгуу укугун кепилдөөгө, радикализмди ооздуктоого көмөктөшөт. Чемпионаттын ачылышы алдында стадион, башка спорт жайларын кайтарууга кошумча полиция күчтөрү жана армия тартылды.

Ал тапта 10-июнда Сан-Паулуда УЕФАнын делегациясы Дүйнөлүк Футбол федерациясы – ФИФАнын төрагасы Зеп Блаттер менен жолугушту.
УЕФАнын башкаруу комитетинин мүчөсү Михаэл ван Прааг Блаттерди эмки шайлоодо талапкерлигин койбоого чакырды.

Голландиянын футбол федерациясын жетектеген ван Праагдын айтымында, Блаттердин төрагалыгы учурунда ФИФАнын беделине көлөкө түшүп, эл Дүйнөлүк федерацияны паракорлук менен байланыштырат.

Англиянын Футбол ассоциациясынын төрагасы Грег Дайк да Блаттердин дагы 5 жыл ФИФАны жетектөө ниетин сындады.

78 жаштагы төрага бул кызматты 1998-жылдан бери аркалап келет. Акыркы апталарда Катар 2022-жылкы чемпионатты өткөрүү укугуна ээ болуу үчүн пара берген деген маалыматтар айтылууда.

"Блаттер демократияны, ачыктыкты, коррупцияны азайтууну эч качан каалаган эмес. Себеби үчүнчү өлкөлөрдөгү коррупциялашкан аткаминерлер аны колдошот", - дейт британиялык журналист, ФИФАдагы коррупциялык иштерди иликтеген Эндрю Йеннингс.
XS
SM
MD
LG