Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:08
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.

Төкмө акын Назаров үй камагына чыкты, журналист Темиров тил кат менен бошоду

10:36 23.1.2022

10:48 23.1.2022

Ташиев: "Болот Темировдун кармалышы боюнча... Мен Болот Темировду тааныбайм. Ал коомубузга таанымал деле журналист эмес, белгилүү деле иликтөөчү эмес. Чет элдик гранттарды алып, ошонун эсебинен бийликти алсыратуу боюнча, бийликти коомго жаман көрсөтүү программасын ишке ашырган жалданма журналист. Бизде маалымат бар. Temirov Live сайтынын... Сайтпы же редакциябы, жакшы билбей атам, сайт болсо керек. Ошол сайттын кайсы компаниялардан канча акча алып, алдап жүргөнү боюнча бизде толук маалымат бар. Булар бардык маалыматтв жеткире турган журналист болсо, коомубузда болуп жаткан жакшы нерселерди бир да жолу айтып койгон жок. Бир гана терс маселелерди айтат. Айткандарынын 80-90% жалган".

10:53 23.1.2022

"20 жыл саясатта жүргөн убагымда бир дагы журналистти сотко берген эмес экенмин. Туура эмес маалыматты жазышат, кээде ката кетиришет, маалыматтары так болбой калат. Ошондо деле "эмнеге туура эмес маалыматты туура эмес жаздың" деп журналист менен талашып-тартышып, сотко берген учурум болгон эмес. Ошондуктан бул каналдын бул иликтөөсү иликтөө эмес, ал жалган жалаа. Керектүү уюмдар, керектүү адамдар аны сотко берип, ар-намысын коргоп алат деген ойдомун. Мен өзүм аны сотко берип, артынан түшүп, куугунтуктайын деген деле оюм жок. Журналисттин кайсы бир маалыматы үчүн анын артынан түшүү бизге абийир, жакшылык алып келбейт, маанилүү эмес. Андан маанилүү көптөгөн маселелерди аткарууга милдеттүүбүз. Убактыбызды майда-чүйдө, журналисттерге жооп берүү, же жалган маалыматтарды төгүндөөгө кетирбейбиз", - деди УКМК төрагасы Ташиев.

11:04 23.1.2022

Ташиев: "Болот Назаров деген комузчу жигит чогуу иштейт экен. Бул бала дайыма баңгизат колдонот экен. Бурбулятор менен колдонот экен. Таза эмес, химиялык жол менен жасалат, натыйжасын көбөйтөт. Бишкекте жаш балдар көбөйүп жатат ушундай колдонгон. Азыр Ооганстандан "чарас" деген зат келип жатат, метоморфин деген бар. Муну жаштар колдонуп жатат. Фактылар көбөйүүдө. Назаровдун үстүнөн бир-эки адам арыз жазат. Ошол кеңседен алып чыгып, "Назаров таратып жатат" деген маалымат чыгып жатат. Укук коргоо органдары аны карабай кое албайт. Алар карап жатканда журналисттер көбөйүп, шоу болуп кетти. Бул адаттагы кылмыш, ошонун негизинде кармалды. Болот Назаров менен жанындагы кыздын канынан баңгизат чыккан. Алар дайыма пайдаланып жаткан. Болот Темировдун канынан баңгизат чыккан жок. Бул бизди кубандырат. Экинчиден, жазасын жеңилдетет. Болотту камабай, сыртка чыгарып иликтөө жүргүзсө болот. Муну соттор чечет. Бүгүн баш коргоо чарасы каралат. Буга УКМКнын эч тиешеси жок. Альфанын тиешеси жок. ИИМ ишти мыйзам чегинде жүргүзүп жатат. Айыптары далилденбесе, мыйзам чегинде чыгат".

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG