"Байгазы Матисаков КПКнын директору. Ал 2020 жылы декабрда дайындалган. Ал менин жээним. Эжемдин уулу. Атасы мектепте жүргөндө каза болуп калган. Орусияда окуган. Ичпейт, тартпайт, намаз окуйт, кайрымдуулук кылат. Ал саясатчы эмес, өндүрүшчү. Жалал-Абаддын баары билет. Ал компанияны кирешесин көтөрдү. Эмнеси жаман? Компаниянын кирешеси азайса, кызматтан алабыз. Мен уялбайм. Ушундай мамлекетке пайда келтирген адамгерчиликтүү адамдар бар", - деди Ташиев.
Ташиев: "Бир тууган иним Шайырбек Ташиев келерки аптада депутаттык мандатын тапшырат. Мага анын саясатта туруп жардамынын кереги жок. Мен ага айттым, ал макул болду. Бир үйдөн бир эле саясатчы жетет".
Ташиев: "Болотту түрмөгө камабай эле, сыртта жүрүп эле иликтөө жүргүзүлө берсин деп аракет кылам".
Бишкекте активисттер иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясына чыгышты. Ички иштер министрлигинин алдында өтүп жаткан акцияда журналист акыркы иликтөөсү үчүн камалганы айтылып, аны бошотуу талабы коюлду.