Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Бишкектин вице-мэри коррупцияга шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Абдиев коррупцияга шек саналууда. "Азаттыктын" атайын кызматтагы ишенимдүү булактары ал Мамлекеттик курулуш комитетин жетектеп турганда жемкорлукка барганы үчүн кармалганын кабарлашты. Азырынча маалыматты Абдиевдин өзүнөн, жакындарынан же мэриядан тастыктаганга мүмкүн болгон жок.

Мурдараак Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Улуттук онкология жана гематология борборун курууда коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлганын кабарлаган. Буга байланыштуу 27-сентябрда Мамлекеттик курулуш комитетинин мурдагы директору, департамент директорунун орун басары, башкы эсепчи жана техникалык көзөмөл инженери кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы директор (азыркы вице мэр) ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылып, калгандары бир айга камакка алынды.

29-сентябрда таратылган расмий маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иликтенип жаткан иштин алкагында аталган борбордун имараттарын курууда жана капиталдык оңдоодо Мамлекеттик курулуш комитетинин жооптуу адамдарынын жемкорлугу аныкталган. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн подрядчыны тандоодо сынак өткөрүлбөй, башкармалыктын жооптуу кызматкерлери туунду подрядчы менен 340 миллон сомго келишим түзгөнү айтылууда. Ошондой эле каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке 13,5 миллион сом зыян келтирилгени кабарланды. (SE)

XS
SM
MD
LG