Иш-чаранын уюштуруучулары бул жылы марштын темасы бүткүл дүйнөдөгү аялдардын согушка каршы тилектештиги тандалганын билдиришти.
Марш “Россия” кинотеатрынын жанынан башталып, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды. Жөө жүрушкө 1000ге чукул киши катышты.