Координациялык кеңештин жыйынында өлкөнүн коопсуздугу, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана башка маселелер каралууда. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 саясий партиянын жетекчилери координациялык кеңеш түзгөн. Координациялык кеңешке “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев жетекчилик кылып жатканы айтылууда.
Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин билдирген. "Замандаш" партиясынын талапкери Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы катары өз кызматына кайтып барып, иштеп жатканы, Бишкек шаарынын коменданты милдети Курсан Асановго жүктөлгөнү кабарланды.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.
Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаттары бүгүн, 6-октябрда кезексиз отурумга чогулары кабарланды.
Бул маалыматты КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев «Азаттыкка» ырастады:
«Кезексиз жыйын болот дешкенинен мен азыр Оштон учуп келдим. Кайсы жерде, саат канчада болорун эми тактайбыз».
Бирок парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны тууралуу маалыматы жоктугун «Азаттыкка» билдирди. Анын маалымдаганы боюнча, Жогорку Кеңештин отурумдар залы талкаланган, анда жыйын өткөрүүгө мүмкүн эмес.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Анда президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан. Митингчилер бул имаратка «Ордо» партиясынын лидери Мээрбек Мияровду комендант кылып дайындашканы кабарлаган. Бул партиянын өкүлдөрү Ак Үйдүн ичиндеги терезелер, идиштер, компьютерлер талкаланганын билдиришкен болчу.
Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады.
Элдик мэр деп аталган Жоошбек Коеналиев шаардык муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен чогулуш өткөрүүдө. Анда борбор калаанын коопсуздугун жана тартибин көзөмөлдөө маселеси каралып жатат.
6-октябрда Жоошбек Коеналиев аттуу адам Бишкек шаарынын элдик мэри болгону кабарланган.
Буга чейин Бишкек шаар кеңешинин депутаты Канат Мүсүралиев Бишкектин мэри алмашпаганын, бирок Азиз Суракматовдун кайсы жакта экенин билбей турганын билдирген.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 саясий партиянын жетекчилери координациялык кеңеш түзгөн. Координациялык кеңешке “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев жетекчилик кылып жатканы айтылууда. Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин билдирген. "Замандаш" партиясынын талапкери Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы катары өз кызматына кайтып барып, иштеп жатканы, Бишкек шаарынын коменданты милдети Курсан Асановго жүктөлгөнү кабарланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоо шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады. (ZKo)
<