Улуттук Банк менчик банктарды ишин токтотууга чакырды
Улуттук банк өлкөнүн финансы-банк секторунун коопсуздугун жана финансы-кредит уюмдарынын активдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында, коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына 2020-жылдын 6-октябрында өз ишин токтотуп, коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт.
Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелерди Улуттук банк онлайн-сервис кызмат көрсөтүүлөр (телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенжерлер ж.б.) аркылуу финансылык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.
Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот. 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү.
5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг уюштуруп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесине кирип барышкан.
Президент 6-октябрда видео кайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты. Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол шаарларында каршылык акциялары уланууда.
Депутат Нурбаев парламент мүчөлөрүн тез чогулууга чакырды
Кыргызстанда учурдагы абалды укуктук талаага кайтаруу үчүн Жогорку Кеңештин VI чакырылышы тез арада чогулушу керек.
Бул тууралуу парламент депутату Абдывахап Нурбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, парламент төраганы алмаштырып, элдик ишенимдеги өкмөттү шайлашы керек:
"Мен алтынчы чакырылыштын депутаттарын тезинен байланышка чыгып, абалды стабилдештирүү үчүн жыйынга чогулууга чакырам. Ар бир мүнөт биз үчүн маанилүү болуп турат. Биз ушул учурда өз мыйзамдуу милдетибизди аткаралы", -деди Нурбаев.
Депутат учурда парламенттин чукул жыйынын өткөрүү боюнча кеңешүү жүрүп жатканын билдирди.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Анда президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан.
Митингчилер бул имаратка «Ордо» партиясынын лидери Мээрбек Мияровду комендант кылып дайындашканы кабарлаган. Бул партиянын өкүлдөрү Ак үйдүн ичиндеги терезелер, идиштер, компьютерлер талкаланганын билдиришкен.
Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады.