Ноокен райондагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү алмаштырылды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Абдрахман Осмоновду райондук администрациянын имаратынын жанына чогулган 200гө чукул адам кызматтан кетүүсүн талап кылды. Ал өз ыктыяры менен кызматын тапшыруу арызын жазып бергенден кийин чогулгандар убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн ордуна Нурбек Өмүрзаковду дайындашты.
Ал арада Жалал-Абад облустук администрация имаратынын алдына да эл чогулуп, шаардын мэри, ыйгарым укуктуу өкүлдүн элге чыгуусун талап кылууда.
Аймактардагы администрация имаратынын жанындагы акциялар азыркы тапта Ош шаары, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Кадамжай шаарларында болууда. 5-6-октябрдын түнүндө Каракол шаарында да митинг болгон. Чогулгандар 4-октябрдагы парламенттик шайлоо калыс өтпөгөнүнө нааразы болушуп, шайлоону мыйзамсыз деп табууну талап кылышууда.
Бишкек мэриясындагы абал
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңеши Жаркынбек Касымбеков менен сүйлөшүп жатат. Касымбеков "Чоң Казат" партиясынын мүчөсү.