Асылбек Жээнбеков: Президент өзүнүн легитимдүү укуктарын колдонот
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмил Алымкулов, Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев жана Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын аймактардагы кабарчыларыбыз маалымдашты.
Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлү Балбак Түлөбаев арыз жазганын өзү ырастады. Балбак Түлөбаев өкмөттүн облустагы өкүлү болуп, 2020-жылдын июль айынын этегинде дайындалган.
Талас облусунда өкүл менен кошо төрт райондун акимдери да кызматтан кетүү арыздарын жазды.
Ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков төрт райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кошо кызматын тапшырганы кабарланды.
6-октябрда Нарында, Таласта жана Караколдо эл чогулуп, бийликти өткөрүп берүүнү талап кылышкан.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.
6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмил Алымкулов, Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев жана Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын аймактардагы кабарчыларыбыз маалымдашты.
Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлү Балбак Түлөбаев арыз жазганын өзү ырастады.
Талас облусунда өкүл менен кошо төрт райондун акимдери да кызматтан кетүү арыздарын жазды.
Ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков төрт райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кошо кызматын тапшырганы кабарланды.
6-октябрда Нарында, Таласта жана Караколдо эл чогулуп, бийликти өткөрүп берүүнү талап кылышкан.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.
6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.
Депутат: Бишкектин мэри алмашкан жок
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Мүсүралиев мэр алмашпаганын билдирди. Анын айтуусунда бүгүн шаардык кеңеш жыйынга чогулат.
"Азыр чогулабыз. Ошондо баары белгилүү болот", - деди Канат Мүсүралиев. Депутат мэр Азиз Суракматов менен бир ай мурда, шайлоого чейин жолукканын, андан бери көрбөгөнүн билдирди.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Бир катар күч кызматтарынын жетекчилери алмашканы кабарланды.
Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты.
Отунбаева: Президент кырдаалды алдын алуу мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай калды
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалдын алдын алуу мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай калганын "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.
"Президент элге чыгып сүйлөшү керек эле. Бир күн бою митинг болду. Кечээги күндү бийлик жөн эле өткөрүп жиберди. Өкмөттөн бирөө да митингчилер менен сүйлөшүүгө басып барбай койду. Кечкисин желим октор менен таркатууга аракет кылды. Ушунун баары мурда болгон эле да. Муну президент билип, алдын алып, митингчилердин талабын укса болмок. Шайлоо мыйзамсыз өтсө моюнга алышы зарыл эле", - деди экс-президент.
5 -октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.