Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

10:57 6.10.2020

11:01 6.10.2020

Отунбаева абалдан чыгуунун бир нече жолун айтты

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева "Азаттык" радиосуна 5-6-октябрь түндөрү болгон окуялар тууралуу маек куруп, азыркы түзүлгөн абалдан чыгуунун жолдорун айтты.

"Келе жаткан парламент үчүн бул кырдаалдан чыгуу чоң сыноо болмокчу. Лидерлерге кайрылат элем, чогулуп, кырдаалды таразалап, чыныгы лидерлик сапаттарын көрсөтүү маалы келди. Кыргызстандын тагдыры азыр алардын колунда. Эл аралык аренада да өлкөнүн жүзү жарык болуш үчүн салмактуу чечимдерди кабыл алууга шарт түзгөн мыйзамдар бар. Биринчи кезекте лидерлер өз ара биригиши керек, орток стратегия кабыл алып, жаңы шайлоонун мөөнөтүн белгилеп, жаңы жылга чейин ушул жараяндарды ишке ашырып алса, чоң утуш болот эле. Элге тандоо мүмкүнчүлүгүн эркин берүү зарыл", - деди.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышты.

11:10 6.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков: Шайлоо шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болду

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-октябрда, өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы анда айрым саясий күчтөр бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасап, шайлоонун шылтоосу менен коомдук тартипти одоно бузганын билдирген:

"Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты. Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты. Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим. Азыркы учурга чейин кырдалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык. Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү депутаттык мандаттан бийик", - деди президент Жээнбеков.

Мамлекет башчы өз кайрылуусунда саясий партияларды тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүгө жана бардык күчтөрдү мыйзамдын чегинде иштөөгө чакырган. Мындан тышкары элди чагымчыл күчтөргө алданбоого үндөдү. Ошондой эле мамлекет башчы Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаганын билдирген.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.

11:22 6.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG