Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37
Бишкек.
Бишкек.

Аянттагы митинг, чечилбеген кризис

Кыргызстанда айрым жетекчилер, облус башчылары кызмат орундарына кайтып барышты.

20:40 6.10.2020

Евробиримдик Кыргызстанды ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө чакырды

Европа Биримдиги Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдү Конституциянын алкагында иш алып барууга жана карама-каршылыктарды тынч жол менен чечүүгө чакырат.

Уюм мындай мазмундагы билдирүүсүн 6-октябрда таратты. Анда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныганы эске алынып, өлкөдө ачык-айкын шайлоо өтүшү зарыл экени белгиленген.

“Биз Кыргызстандын эл аралык убадаларына жана жарандарынын демократиялык укуктарына төп келген, ишеним жараткан, ачык-айкын жана бардык тарапты камтыган жаңы шайлоонун өткөрүлүшүн күтөбүз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Еврошаркет Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолун өлкө эгемендик алгандан бери колдоп келгенин, өлкөнүн өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнү уланта берери белгиленген.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

20:39 6.10.2020

Сооронбай Жээнбеков тараптарды ар кандай иштерди токтотууга чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда Би-Би-Си радиосуна маек куруп, өлкөдөгү соңку окуяларды бийликти мыйзамсыз басып алуу аракети деп мүнөздөдү.

“Алардын максаты - шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу эмес, өлкөдөгү туруктуу абалды бузуу болгону көрүнүп турат. Аягында келип эле президентти кызматтан кетирүү максатты көздөгөнү ачык-айкын бол. Баарыбыз көрүп жатабыз, эртең менен бири, түштөн кийин бири кызмат талашууда. Тилекке каршы, эки ирет ушундай олку-солкудан өткөн Кыргызстаныбыз кайрадан ошондой абалга туш болуп калды. Тараптардын баарын мындай ишти токтотууга чакырат элем”, - деди президент Жээнбеков.

Президент буга чейин "YouTube" аркылуу видео кайрылуу жасап, соңку окуяларды шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган.

5-6-октябрдагы тополоңдо ондогон адам жараат алып, бир киши мерт болду.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

Калайман башаламандыкка айланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин каршылык акциясынын жыйынтыгында дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү демонстранттар Ак үйдү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратын басып алышкан жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган камактагы саясатчыларды бошоткон.

Ушул эле таңда №27 абактагы экс-депутат Садыр Жапаров, Петровка абагындагы мурдагы премьер министр Сапар Исаков, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга айыпталып камалган мурдагы аткаминерлер абактан бошотулган. Сапар Исаков абак жетекчилигинин уруксаты менен жети күндүк мөөнөткө абактан чыкканын "Азаттыкка" билдирген.

18:40 6.10.2020

Жанарбек Акаев: Парламенттин кезексиз жыйынын чогултуу үчүн 45 депутат кол койду

Бишкекте акыркы кырдаалды турукташтыруу үчүн парламенттин кезексиз жыйынын чогултуу үчүн алтынчы чакырылыштын 45 депутаты кол коюп берди.

Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, парламент депутат Жанарбек Акаев билдирип, кырдаалга байланыштуу депутаттар жыйынга чогулуп, элдик өкмөттү шайлай турганын айтты.

"Азаттыктын" кабарчылары билдиргендей, ушул тапта парламент депутаттар экиге бөлүнүп жыйын өткөрүүдө. Анын айтымында, кечке чейин кезексиз жыйын өткөрүү тууралуу документке кол койгон депутаттар 65ке жетиши мүмкүн. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны 7-октябрда эртең менен өтө турганы күтүлүп жатат.

"Достук" мейманканасында спикер Дастан Жумабеков чакырган парламент мүчөлөрү жыйынга чогулушту. Жыйынга журналисттер киргизилген жок. Кворум болгону, жыйында эмне маселе каралганы белгисиз.

Экинчи топ Бишкектин борборундагы жыйындар залына чогулду. Ал жерде 47 депутат жыйынга катышууда. Азырынча жыйындын күн тартиби белгисиз. Депутаттардын арасында Жанар Акаев, "Ата Мекен", КСДП, "Республика" фракциясынын депутаттары жүрөт.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, Өкмөт үйүн, УКМКнын имаратын басып алышты.

Бир катар күч кызматтарынын жетекчилери алмашканы кабарланды. Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты. Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан. Сегиз саясий партия координациялык кеңеш түзүшкөн. Координациялык кеңеш парламентти чукул жыйынга чогулуп, жаңы төрага шайлоого жана элдик өкмөттү куроого чакырууда.

18:39 6.10.2020

Саламаттык сактоо министринин милдетин орун басарлары аткарат

6-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин байкоочу кеңеши бул расмий органдын имаратына баргандарды сүйлөшүү жолу менен чыгарып, убактылуу министрдин милдетин анын эки орун басары Мадамин Каратаев жана Нурболот Үсөнбаев аткарарын сүйлөшүшкөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" байкоочу кеңештин мурдагы мүчөсү Бактыгүл Бозгорпоева маалымдады.

"Биз түшкө чейин министрликте болуп жаткан чатакты чечип, министрдин иш бөлмөсүнүн эшигин чаптап кеткенбиз. Бирок, биз кеткенден кийин "Чоң казат" партиясынын өкүлдөрүбүз деген топ кайра барып алыптыр. Негизи министрди координациялык кеңеш убактылуу дайындагыча мындай чыр болбой турса дегенбиз", - деди.

5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесине кирип барышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG