Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Казакстан 9-майда аскердик парад өткөрүүдөн баш тартты


Астанадагы аскер парады. (архив)
Астанадагы аскер парады. (архив)

Казакстандын Коргоо министрлиги быйыл 7-май – Мекенди коргоочулар күнү жана 9-май – Жеңиш күнүндө аскердик парад өткөрбөйт. Министрлик мунун себебин акчаны үнөмдөө жана башка көйгөйлөрдү чечүү керек деп түшүндүрдү.

"Бюджетти үнөмдөө, башка көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгына байланыштуу 2024-жылы Казакстанда аскердик парад өткөрүү пландалган эмес", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Коргоо министрлиги Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жана мобилдүүлүгүн жогорку деңгээлде кармоону артыкчылыктуу багыт деп атады.

1-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коргоо министри Руслан Жаксылыковду кабыл алып, армиянын күжүрмөн даярдыгы тууралуу маалымат укканы кабарланган.

Коргоо министри Токаевге Куралдуу күчтөрдүн заманбап техника жана курал-жарак менен жабдылышы, Казакстандын Шанхай кызматташтык уюмуна жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалыгынын алкагында 2024-жылга пландаштырылган иш-чаралар, анын ичинде эл аралык машыгуулар тууралуу маалымат берген.

Казакстан бешинчи жыл катары менен Жеңиш парадын өткөргөн жок.

Былтыр жана андан мурунку жылы да бийлик параддарды өткөрүүдөн баш тартууну “бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана башка приоритеттүү маселелерди чечүү зарылчылыгы” менен түшүндүргөн. 2020-2021-жылдары иш-чаралар COVID-19 пандемиясына байланыштуу токтотулган.

XS
SM
MD
LG