Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:44

Азербайжан мушкерлерине медаль сатып берейин деп...


Азербайжан. Президент Илхам Тоуз Олимпида спорт комплексин ачууда. 9-февраль, 2011
Азербайжан. Президент Илхам Тоуз Олимпида спорт комплексин ачууда. 9-февраль, 2011

Би-Би-Си телекомпаниясы өз изилдөөсүнө таянып, Азербайжан өкмөтү World Series Boxing (WSB) уюмуна жашыруун акча төлөгөнүн маалымдады.

9 миллион доллардын акысына Эл аралык бокс уюму келерки жылы Лондондо болчу Жайкы Олимпиада оюндарында азери мушкерлери эки алтын медаль утуусуна кепил өткөн.

Бакуда азыр бокс боюнча дүйнөлүк биринчилик өтүүдө. Анын жеңүүчүлөрү келерки жылкы Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алышат.

Чемпионатты Эл аралык бокс ассоциациясы (AIBA) уюштурган. AIBA ассоциациясын Эл аралык олимпиада комитети бокс боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди жетектөөчү мекеме деп тааныган.

Азербайжандын чукул кырдаалдар министри Кемалиддин Гейдаров, Баку. 30-октябрь 2010
Би-Би-Си 22-сентябрдагы Newsnight телеберүүсүндө AIBAга Азербайжан 9 миллион доллар жашыруун которгонун ырастаган далилдери бар экенин билдирди.

Миллиондогон акча 2012-жылкы Лондон олимпиадасында эки азери боксчунун алтын медаль жеңүүсүнө кепилдик алуу үчүн төлөнгөн. Бул тууралуу береги уюмдагы булакка бокс ассоциациясынын башкаруучу директору Иван Ходабахш мактанып айткан экен.

Би-Би-Синин атайын кабарчысы Анна Адамс далилдер кандай табылганы тууралуу мындай деди:

- Биз Эл аралык бокс ассоциациясы жана Азербайжан ортосуна е-мейл катты кармадык. Е-мейлде Бакуда өкмөттүк министр менен болгон кездешүүдө ассоциацияны каржылоо талкууланып, 10 миллион долларга инвестиция салуу жөнүндөгү келишим тууралуу айтылат. Ассоциациядагы булак өз кезегинде Азербайжанга эки алтын медаль убада кылынганын айткан.

Иван Ходабахш өзү жогорудагы маалыматты ошол замат куру доомат деп, калпка чыгарды. Ал эми Эл аралык бокс ассоциациясынын адвокаттары ырасында эле Азербайжандан ассоциация эсебине акча келгенин, бирок аны швейцариялык компания төлөгөнүн Би-Би-Сиге тастыкташты.

Кабарга караганда, Азербайжандын чукул кырдаалдар министри Камалиддин Гейдаров AIBAге жеке менчик азери инвесторун тааныштырган, инвестор англисче сүйлөй албагандыктан министр жана анын жардамчысы ага тилмечтик кылган. Бирок адвокаттар акчаны Азербайжан өкмөтү которгонун танышууда.

Чуулгандуу кабарга байланыштуу Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге жума күнү Бээжинде атайын билдирүү жасады.

Эл аралык олимпиада комитетинин төрагасы Жак Рогге Бээжиндеги пресс-конференцияда. 23-сентябрь 2011
Ал Би-Би-Сиден Азербайжан тарап Эл аралык бокс ассоциациясына 2012-жылкы Олимпиададагы азери мушкерлеринин жеңиши үчүн миллиондогон доллар жөнөткөнүн бекемдеген далилдерди көрсөтүүсүн талап кылды:

- Биз Би-Би-Сиден далилдерди берүүнү сурайбыз. Себеби биз ар бир ишке өтө олуттуу мамиле жасайбыз. Арийне, чечимди биз далилдерди көргөндөн кийин гана кабыл алабыз. Ошон үчүн Би-Би-Сини мүмкүн болушунча тезиреек толук маалымат берүүгө чакырабыз. Далилдерди Эл аралык олимпиада комитети өзү да текшерип чыгат.

Жак Рогге бокс ассоциациясы бул фактыны териштире баштаганын кошумчалай кетти.

Эл аралык бокс ассоциациясы инвесторлордон коммерциялык максатта каражат алууга алардын жобосу уруксат берерин билдирип, макулдашып бокстошуу деген түшүнүктү болбогон кеп деп атады.

Азербайжан өкмөтүнүн мүчөсүнүн катыштыгы бар шектүү иш 2008-жылкы Бээжин олимпиадасы алдында болгон дагы бир окуяны эске салды. Ал жылы Азербайжандын көк чөптө ойночу хоккей командасы кокусунанбы, айтор негизинен корейлерге күйөөгө чыккан аялдардан куралган. Алардын күйөөлөрүнө шашылыш азери паспорту берилген. Андай амалкөйлүккө карабай, азери аялдарынын командасы Бээжинден куру кол кайткан.
Е-мейлде Бакуда өкмөттүк министр менен болгон кездешүүдө ассоциацияны каржылоо талкууланып, 10 миллион долларга инвестиция салуу жөнүндөгү келишим тууралуу айтылат.
Би-Би-Си кабарчысы Анна Адамс

Бакылык серепчилердин айтышынча, 2012-жылкы Олимпиадага президент Илхан Алиев чоң маани берүүдө. Жеңиш бийликтин өлкө ичиндеги жана эл аралык аброюн көтөрөт. Ошон үчүн Илхан Алиев атасынан бийликти мурастап алгандан кийин да Улуттук Олимпиада комитетин жетектөөнү улантууда.

Салык министри Күрөш федерациясын, Эмгек жана элди социалдык жактан коргоо министри Дзю-до федерациясын, өкмөт көзөмөлдөгөн СОКАР мунай компаниясынын башчысы Футбол федерациясынын, Алиевдин зайыбы Азербайжандын гимнастика федерациясына төрагалык кылышат. Спорттун бул түрлөрү боюнча азери спортчулары эл аралык деңгээлде эзелтеден мыкты ийгиликтерге жетишип жүрүшөт.
XS
SM
MD
LG