Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
12-август Эл аралык жаштар күнү (англисче - International Youth Day), 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен ар жылы белгиленүүчү эл аралык майрам болуп эсептелет. Жаштар иштери боюнча министрлердин 1998-жылы Лиссабондо (Португалия) өткөн Бүткүл дүйнөлүк биринчи конференциясынын сунушунун негизинде кабыл алынган чечим. Бул глобалдык датаны көп өлкөлөр тааныйт, бир тобу урматтайт, белгилейт.
12-август - жаштардын эл аралык статуска ээ болгон жалгыз датасы эмес. Анткени ушундай же окшош аталган даталар бар. Маселен, “Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү” - 10-ноябрь. Бул майрам - “Улан-кыздардын эл аралык күнү” аттуу 1915-1945-жылдары белгиленип келген майрамдын мураскери. 1945-жылы октябрдын аягы, ноябрдын башында Лондондо жаштардын эл аралык форуму өтүп, ошол “Демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк федерациясы” негизделген күн - 10-ноябрь эл аралык дата катары кабыл алынган. Советтер Союзу, социалисттик өлкөлөр бул майрамга интернационалдык түс берип, жигердүү катышып, датаны социалисттик идеяларды жайылтуу максатында дурус эле пайдаланып келген. СССР кулап, социалисттик лагерь ыдыраган соң, “Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү” аталган майрамдын кадыры төмөндөп, акыры эстен да чыга баштагандай. Орусия бул майрамды 2009-жылы шайлоого байланыштуу эстеген. Ошол эле жылы жазында орус православ чиркөөсү бүткүл дүйнөлүк православ жаштарынын күнүн белгилөөнү демилгеледи.
Эл аралык аталганы менен, өлкө ичинде гана акция өткөрүлдү. Православ жаштар католиктердей анча бириге алган жок. Орусиянын өзүндө жаштар күнү – 24 июнь, Кытай 4-майды, Түркия 12-майды, Кыргызстан 10-ноябрды жаштар күнү деп эсептейт. “Жаштардын эл аралык тилектештигинин күнү” деген да дата бар, 27-апрель. 1955-жылдан тартып белгиленип келди, коммунисттик идеологияга жакын мамлекеттер үчүн барктуу майрам болчу. Бирок бул майрамдын негизги демөөрчүсү СССР кыйрагандан кийин “Жаштардын эл аралык тилектештигинин күнү” дээрлик белгиленбей деле калды.
Август айынын биринчи аптасында Лиссабондо католик жаштардын Бүткүл дүйнөлүк жаштардын күнү (англисче - World Youth Day) белгиленди.
Майрамдын демилгечиси, шыктандыруучусу Ватикан, бул идеяны 1986-жылы Рим папасы Иоанн Павел II сунуштаган. Ошондон тарта ар эки-үч жыл сайын кеңири масштабда белгиленет. Католик чиркөөсү менен байланыштуу, диний мүнөздө болсо да (ар бир майрамдын ыйык эсептелген колдоочусу бар), бул майрамга дүйнөнүн туш тарабынан түркүн диндеги жаштар, түрдүү маданият өкүлдөрү чакырылат жана катыша алат. Лиссабонго апостолдук озуйпа менен Рим папасы Франциск келди. Туш-туштан келген миңдеген жаштар катышты. Негедир, католиктер көп жашаган мамлекеттердин лидерлери үн катпады. Башка конфессия болсо да, жаштар менен эсептешип келген мамлекеттердин расмий бийликтери кайдыгер карагандай сезилди. Бир жерге бир убакта мынча көп жаштар чогулган кенен аудиторияны пайдаланууга ашыккан өлкө жетекчилери байкалган жок. Балким, бар чыгар, бирок расмий маалымат көзгө чалдыкпады.
Ошентип, ар кайсы өлкөлөрдө, аймактарда жаштардын эл аралык күнү, бүткүл дүйнөлүк майрамы ар кайсы мезгилде, ар кандай масштабда жана маанайда белгиленет. Бирдиктүү, орток дата, бирдей мамиле жок экен. Болбоптур дагы. Бул саясий тирештин, идеологиялык атаандаштыктын, маданий айырмачылыктардын, түрдүү диний көз караштардын натыйжасы.
Жаштардын эл аралык күнү быйыл кандай белгиленет, ушу жолку форумга кимдер барат, эмне кеп айтылат экен деп көз салдым, кулак түрдүм. БУУнун маалыматына караганда, быйылкы жаштар күнү аба ырайынын өзгөрүшүнө жана жаштардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуусуна арналыптыр.
Сөз кылабы жаштар, таштайбы согушту токтотуу ураанын? Угабы улуулар жана курдаштары? Климат - орчундуу маселе. Бирок согуш токтобой турган кезде, орус-украин согушу жүрүп жатканда ушул тема алдыңкы планга чыкпаптыр. Украин жаштары деле майрам, фестивалдар, флешмобдор менен белгилептир. Жаштар күнү жаштардын үнү угулбаптыр. Укпайт го дүйнө жаштарды. БУУнун сунушуна ылайык, Жаштардын эл аралык күнү жыл сайын ар кандай уккулуктуу ураан чакырып өтөт. Маселен, 2013-жылдагы форум “Жаштардын миграциясы – өнүгүү жолундагы прогресс” деп аталган. Оозеки ошентип аталды, жаштар ушул ураанды оозанды, саясий лидерлерге ушул ой угузулду. Бирок адамзат теңирден тескери кетти. Европа мигранттарга тосмонун түркүн формасын ишке ашырууга аракетин күчөттү, АКШ Мексика менен чек арасына кадимкидей кара дубал сокту.
2003-жылы “Бардык жерде жаштар үчүн жакшы иш, татыктуу жашоо” урааны, 2006-жылы “Жаштар арасында жакырчылыкты жоюу” урааны жар салынган эле. Андан бери жаштардын жумушсуздугу жана жакырчылык эселеп өстү. Ураан менен реалдуу иштин ортосунда аралык узак окшойбу. Өткөн чактын абалы тиги. Былтыр Жаштардын эл аралык күнү БУУнун демилгеси менен “Муундардын тилектештиги. Бардык курактагы адамдар үчүн тынчтыкты орнотуу” урааны астында белгиленген. Девиз жакшы, бирок эл аралык тилектештиктин карааны алыс. Тынчтыктын дайыны билинбейт. Ушу тапта бүткүл дүйнөнүн бештен бирин ээлеген, калктын алтыдан бири жашаган аймакта куралдуу жаңжалдар, конфликттер, атайын операция - кыскасы, ар кандай аталса да насили согуш жүрүп, кан төгүлүүдө. Согушту негизи чоңдор баштайт, бирок басымдуу катышуучулары - жаштар. Жоокерлер, комбатанттар, ыктыярчылар, жалданмалар, "вагнерчилер", можахеддер, террорчулар, "жихадчылар" айтор, кан майдандагы куралчандар - жаштар.
Жаштар демекчи, даталар тургай жаштардын аныктамасында да дүйнө орток пикирге келе элек. Жаш деген курактын ченеми ар түрдүү. Бириккен Улуттар Уюму 15 жаштан 24 жашка чейинки адамдарды жаштар категориясына киргизет. 1981-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы ушундай чечим кабылган. 25 менен 44 жаштын ортосундагылар – бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аныктамасы боюнча. Бирок ар бир өлкө өнүгүү деңгээлине, шартына жана салт-санаасына жараша жаштык деп түрдүү куракты атайт. Кыргызстанда жаш деп 14 менен 28 жаштын ортосундагылар эсептелип келген эле, кечээ жакында 35ке чейин узартылды. Калктын 24% же 1 млн 600 миң киши ушул курактагылар. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, жаш деп 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагылар эсептелет. Казакстанда былтыр кабыл алынган мыйзамга ылайык, жаштардын курагы 29тан 35ке жогорулатылды. Англияда жана Нидерландда жаштар өзүнчо топ катары эсептелбейт, ымыркай кезинен 24 жашка чейинкилердин баарын жаштар деп коёт. Испанияда 14төн 30га чейинки курактагылар - жаштар.
Демографиялык аныктамалардагы айырмачылыктар жаштардын саясий, социалдык, маданий макамына жана ролуна карата мамиледе да даана байкалат. БУУнун эсебинде, азыр жаштардын (15-24 жаш) саны 1,2 миллиард, бул калктын 16%. Ал эми 30 жашка чейинкилерди кошкондо калктын теңин түзөт экен. Жаштар деп бир топко шарттуу бөлгөнүбүз менен, булар ич ара абдан чоң айырмалуу, ар түрдүү контингент: окуучулар, студенттер, адистер, билимдүүлөр, билимсиздер, жумушсуздар, мигранттар, жаратмандар, кыйраткычтар, динчилдер, агностиктер, атеисттер, улутчулдар, глобалисттер, тилектештер, ангагонисттер, жашылдар, солчулдар, оңчулдар, консерваторлор, новаторлор, нигилисттер, мураскерлер ж.б.. Жаштар - ар бири кайталангыс жана окшош, түрдүү кызыкчылыктарды көздөгөн түркүн адамдар. Ошондуктан дүйнөдө жана ар бир өлкөдө, аймакта жаштар ар түрдүү.
Айрымдар жаштарды объект катары эсептешет. Камкордуктун, тарбиянын, билим берүүнүн объектиси. Жаштар үчүн социалдашуу процессинин объектиси деген статустун, мамиленин өзү көйгөй. Көз карандылык ролду, камкордукка муктаждыкты бекемдейт, өз алдынчалыкты чектейт же тескерисинче, айыгышкан каршылыкты, танууну, тарбияга, улуулардын баалуулуктарына карата антагонизмди жаратат. Бул боло келген, болмогу анык универсал проблема. Жаштарды саясатта таасир этүүнүн объектиси, тез мобилизациялануучу электорат, маданиятта – мураскер, идеологияда – курал катары колдонуу тажрыйбасы мол. Чындыгында жаштар социалдык, укуктук, мүлктүк жана саясий мамилелердин бир эле мезгилде пассивдүү объектиси дагы, активдүү субъектиси дагы. Маселен, жаштар саясий процесстердин демилгечиси жана негизги актору болгон учурлар тарыхта арбын.
Алыс барбайлы, мындан 33 жыл мурдагы Кыргызстандын көз карандысыздыгын калыбына келтирүү процесси кыргыз студенттери, кыргыз жаштары менен ажырагыс байланышта болгон. Өз алдынча мамлекетти калыбына келтирүү, суверенитетти орнотуу идеясы студенттик аудиторияларда суверенитет тууралуу акт, көз карандысыздык жөнүндө декларацияга чейин бир канча жыл мурда талкууланып келген. Биз күбө ролу менен чектелбедик, тике катыштык, батыл аралаштык. Ошол татаал процесстин негизги демилгечилери, кыймылдаткыч күчү жаштар болгону анык. Адамзат үчүн прогресс алып келген идеялар студенттик аудиторияда жаралып, жаштар арасындагы популярдуу темалар калың массаны жетелеген. Бекеринен чыгаан саясатчылар, акылман окумуштуулар орошон ойлорун студенттер, жаштар арасында алгач угузбаган. Маселен, Уинстон Черчилль атактуу Фултон сөзүн студенттер арасында айткан.
Ошентип, жаштар саясатта жигердүү роль ойноого жарактуу. Жарактуулук дайыма эле ошондой ролду ойнойт дегендикти билдирбейт. Бирок жаштардын саясаттагы ролун аныктаган, ишке ашырган туруктуу институт жарала элек. Андыктан жаштардын миссиясын көбүнчө стихиялуу ишке ашырып, жемишин башкаларга тапшырып, четте калган учурлар арбын. Ага Кыргызстандагы 2020-жылдагы окуялар күбө. Европа чакырык деп эсептеген, кадимкидей чочулаган миграциянын оң жана терс натыйжалары арбын. Бери дегенде бир нечесин санайлы. Албетте, мигранттар барган жеринин маданиятын боюна сиңирет, бирок алар барган өлкөсүнүн демографиялык, этникалык, диний курамын, социалдык абалын, маданий келбетин өзгөртөрү да бышык.
Дагы бир тобу жаштарды өнүгүүнүн стратегиялык ресурсу, потенциал, баалуулук деп атайт. Объектиге караганда ушул аныктама адилеттүү жана туура, бирок баарын камтый албайт. Жаштар – бул учур жана келмеги анык, реалдуу келечек. Жаштар арасында жаралган идея – эртеңки иш, жаштар арасындагы азыр түптөлүп жаткан маданият эртең чоңдордун маданияты, жаштар умтулган баалуулуктар – эртеңки коом. Коомдогу проблемалардын башаты жаштарга байланыштуу. Жаштарга карата дүйнө мамлекеттериндеги мамиле да ар түрдүү. Жаштар да ар кайсы мамлекетте ар кандай позицияны ээлейт. Ааламдашкан дүйнөдө жаштар ар кандай абалда. Маселен, АКШда жаш болуу - артта калган өлкөдөгү курбалдашына караганда таптакыр башка турмуштук реалдуулук, бөлөк экзистенциалдык проблема. Айрым өлкөлөр жаштарга жетиштүү көңүл бөлүүгө акылы да, акчасы да жетет, башкаларынын же акылы, же каражаты жетпейт. Швецияда мамлекеттик саясат жаштардын жаштыкты жаш бойдон өткөрүүсүнө багытталган. Негизинен жаштардын функционалдык билим алуусуна, кесипке даярдоого, татыктуу иштөөгө шарт түзүүгө жана эн башкысы, мыйзамды сыйлаган жаранды калыптандырууга багытталган.
Жаштардын өзүнүн функциялары бар. Ымыркайдын башаламан кыймылы кийин функцияга айланган сыяктуу эле, жаштардын азыркы аракеттери, изденүүлөрү, жүрүм-турумдары эртең эле ырааттуу функцияга, аныктоочу мааниге ээ болот. Жаштардын эӊ негизги функцияларынын бири – бул генеративдик озуйпасы, жаратуу, башкача айтканда. Дүйнөдөгү эң ири, адамзат өнүгүгүшүнө таасири эбегейсиз илимий ачылыштар, адабиятта жана искусстводогу орошон чыгармалардын 70 пайызын 20 менен 40 жаштын ортосундагы инсандар жаратканын англиялык окумуштуулар эринбей эсептеп чыккан.
Бирок биздин жаштар эмнени жаратат, кайсыл дөөлөттөрдү барктайт, кандай нравалык принциптерди туу тутат? Кайран элдин кайран улан-кыздары эмне менен гана алектенген жок. Бирөөнүн оозун карап, арбалган киши арбын, бирок бирөөнүн колун караган киши аз. Мал менен оокат кылып, “жайылган койго көз салып, жамбаштап жатсаң сонун да” деген уйкаш саптар тамаша. “Ыр” деп да айтууга болбойт, азыр модага айланган жамакчылардын чыгарганы. Малчылык - жалкоонун иши эмес, катаал шартта тыным албаган эмгектин иши. Кыскасы, бу базар экономикасы доорунда эртеден кечке тырмалап оокат кылган эл, жанын оозуна тиштеп тышта иштеген жаштарыбыз, кара жанын карч урган калк. Мыкты, чыгаан жаштар илимде, саясатта, бизнесте пайда болууда. Айтор, жаштарыбыз тынымсыз изденүүдө.
Жаштар – конкреттүү тарыхый кубулуш. Ар бир муун - тарыхый процесстин туундусу. Ошол эле учурда жаштар - тарыхый процесстердин кыймылдаткыч күчү, өзгөрүүлөрдүн фактору, маданий-интеллектуалдык жана социалдык баалуулук. Маселен, 1920-1930-жылдардагы кыргыз жаштары – чыныгы жаратмандар. Пассионардуу муун. Бир кылка жаштардын бир мезгилде жарк этип аренага чыгып, улут жүгүн көтөргөн, тагдыр чечкен иштердин башында турган учуру кайра кайталана элек.
Маселе жаштарда эмес. Кеп бизде. Президент Садыр Жапаров “Жаштар жөнүндө” атайы мыйзамга кол койгон. Мыйзамда алгылыктуу жоболор бар, аткаруу абзел. Өнүгүүнү шарттабай, өксүктөр комплексин жараткан жагдайлар басымдуулук кылып, дагы бир муунду жоготуп албоого тийишпиз. Өлкө ичинде так талашта, байлык талашта абдан акылдуу, өтө куу, айлакер, энергиясы ашып-ташыган, бирок өлкө тышында эл-журт үчүн кармашка жараксыз муун жаратып алсак, анда бул улуттук трагедия. Кайран жерден, кайран журттан тышкы душман кол салбастан эле “өз ыктыярыбыз” менен ажырайбыз, эптеп калыбына келтирген эркиндиктен, суверенитеттен эч кандай агрессиясы жок кол жууйбуз. Бир да эреже сактабай, мыйзамды урматтабай максатка жетүү ийгиликтин ачкычы экенине биротоло ынанган муунду өстүрүп албасак болду. Кыргызстанда жаштарга арналган мамлекеттик саясаттын приоритеттери ушул милдеттерди чечүүгө багытталышы абзел.