Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Батукаевдин иши шаардык сотко өттү


Солдон оңго карай: Алмазбек Атамбаев, Азиз Батукаев жана Индира Жолдубаева. Коллаж.
Солдон оңго карай: Алмазбек Атамбаев, Азиз Батукаев жана Индира Жолдубаева. Коллаж.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш экинчи инстанцияга – Бишкек шаардык сотуна өттү.

Алгачкы сот отуруму 23-июлга дайындалган. Бирок келерки жумага жылып кетти. Бул боюнча Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматкери Тилек Нуралиев мындай түшүндүрмө берди.

“Бишкек шаардык сотунда Азиз Батукаевге байланыштуу кылмыш иши каралууда. Бул иш боюнча сот отуруму 23-июль күнү саат 10:00гө дайындалган. Айыпталуучулар жана алардын жактоочулары ооруп калганына байланыштуу сот отуруму 28-июлга жылды”.

Шаардык соттун басма сөз кызматы айыпталып жаткан төрт адамдын жана жактоочулардын ичинен кимиси ооруп жатканын ачык айткан жок. Иш "жашыруун" деген гриф менен каралганына байланыштуу маалыматтар чектелүү экенин айтышты.

Негизги айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Бишкек шаардык соту тез арада өкүм чыгарууга кызыкдар болуп жатканын айтып, ал үчүн мыйзам бузууга чейин барышканын кошумчалады. Жоошев өзү сот отурумуна барган эмес.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

“Райондук соттун өкүмү 23-июнда чыккан. Мыйзамга ылайык, 24-июндан баштап 30 күн ичинде даттанууга укугубуз бар. Ал мөөнөт 23-июлда соңуна чыгат. Бул аралыкта иш Бишкек шаардык сотко өтпөй, Биринчи май райондук сотунда болуш керек эле. Ага карабастан шаардык сот шашылыш түрдө, биздин даттануубузду күтпөй эле отурумду дайындап жатат. Биз даттануу берилмейинче, сотко катыша албайбыз. Менин божомолумда, Алмазбек Атамбаевди батыраак кесип жибергенге же актаганга аракет болуп жатат”.

Замир Жоошев экинчи инстанцияга 23-июлда апелляция беришкенин кошумчалады. Шаардык сот даттануунун мөөнөтү боюнча комментарий берүүдөн баш тартып жатат.

Бул иште айыпталып жаткан мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова шаардык сот отурумдун мөөнөтүн 8-июль күнү эле дайындаганын билдирди. Ал Атамбаевдин бийлиги учурунда таасирдүү кызматта иштеген адамдардын сотунда мыйзам бузуулар көп катталганын кошумчалады.

“Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилген учурда бир гана Биринчи май райондук соту иштеп жатты. Ал жерде Атамбаевге байланышкан иштер гана каралды. Сот реформасы болуп жатканын айтып келебиз. Анда эмне себептен судьялар мыйзам бузуп жатат? Саясий иш экенин жакшы түшүнүп турабыз. Бирок саясат менен сот өзүнчө болсо жакшы болмок”.

23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлктөрүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айыппул салынган. Мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылмай болгон.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген эмес.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган.

Саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги азыркыдай сот системасына жол салып кетти деп эсептейт.

“Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп мурдагы президентин камап жатат. Бул мыйзам алдында бардыгы бирдей дегенди түшүндүрөт. Бирок азыркы сот системасынын абалына Алмазбек Атамбаевдин да тиешеси чоң. Анын бийлиги учурунда деле соттордун колу менен канча адам жазаланды. Ошентсе да Атамбаевдин соту элди канааттандыра тургандай, кынтыксыз далилдер менен жүрүш керек”.

Алмазбек Атамбаев “Кой-Таш” окуясы боюнча да негизги айыпталуучу катары өтүп жатат. Ал иште мурдагы президент менен чогуу 19 адамга айыбы угузулган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG