Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

02:53 28.1.2022

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган кырдаалга байланыштуу тажик кесиптеши Насрулло Махмудзодо жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун баш катчысы Станислав Зась менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу кабар анын “Фейсбук” баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, ал президент Садыр Жапаров менен дайыма байланышта болуп, анын тапшырмасы менен чек арадагы кырдаалды тезинен турукташтыруу максатында күч түзүмдөрүн координациялап жатат.

02:54 28.1.2022

Чек ара: Саламаттык сактоо министрлиги дагы үч кыргыз жараны жаракат алганын кабарлады

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 28-январь, саат 02:00гө карата маалыматы боюнча чек ара жаңжалында жаракат алган дагы үч киши Баткен облустук ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилди.

Алардын экөө осколкадан жаракат алганы, үчүнчүсүнө ок тийгени маалыматта айтылды. Билдирүүгө караганда, жабыркагандардын баарынын абалы орточо оор деп бааланууда.

Жалпысынан Баткен облустук бириккен ооруканасына чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган жети кыргызстандык түштү.

Кыргызстан чек арадагы куралдуу кагылыш үчүн Тажикстанды айыптап жатат.

Тажик тарап Кыргызстанды айыптады. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, атышууда 17 тажикстандык жарадар болуп, бир жайкын тургун курман болгонун кабарлады.

03:06 28.1.2022

Президент Садыр Жапаров Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар көзөмөлдө экенин "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Чек арада болуп жаткан окуялар толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула", - деди Жапаров.

03:08 28.1.2022

ӨКМ: Кыргыз-тажик тилкесинде жашаган 1470 адам эвакуацияланды

Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу 1470 жергиликтүү тургун эвакуация болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-январда саат 01:30да билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 1200ү туугандарынын жана жакындарынын үйүнө, калгандары Баткен шаарына, Маргун, Рават айылдарына жайгаштырылды.

Убактылуу жайларга 270 адам (алардын 104ү аял, 19у эркек, 147си бала) жеткирилди.

ӨКМ эвакуациялангандар тийиштүү азык-түлүк менен камсыз болгонун, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Баткен шаарында жалпысынан 600 адам бата тургандай убактылуу жайгаштыруу үчүн алты пункт ачылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG