Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

09:34 28.1.2022

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде 27-январда болгон куралдуу кагылышта жараат алган 10 бейтап азыркы учурда облустук ооруканада жатат. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, алар баары аскер кызматкерлери.

Жетөө оорукананын травматология бөлүмүндө, үчөө хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Баары тең майда сынык тийип, жараат алгандар. Алардын абалы тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин жараат алгандар жетөө экенин маалымдап, алардын абалын дарыгерлер орточо оор деп мүнөздөп жатышканын билдирген.

04:37 28.1.2022

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашты

Бул тууралуу 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды:

- атышууну толук токтотуу

- чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра артка алып кетүү

- Баткен – Исфана автожолун толук ачуу

- чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт уюштуруу

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн делегациялары чыр башталган Төрт-Көчө деген жерге барышты. Ал жерде азыр Баткен- Исфана жолу боюнча тоскоолдуксуз кыймыл жүрө башталганы кабарланды.

03:37 28.1.2022

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жети конуш электр жарыгысыз калды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуядан улам жети конуш электр жарыгысыз калды. Кыргызстандын Энергетика министрлигинин 28-январдын саат 00-30га карата маалыматына караганда, Аксай, Актатыр, Көк-Таш, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек жана Ортобоз конуштарында жалпысынан 1402 абоненттин электр жарыгы жок болууда.

“Анын себеби, аймактагы ок атуунун кесепетинен 35/10 кВ Самаркандек көмөкчордонунун 10 кВ линиясынын бузулушу. Чек арадагы абал жөнгө салынмайынча жана кызматкерлердин коопсуздугу камсыз болмоюнча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес. «Ошэлектро» ишканасынын оңдоо бригадалары тиешелүү түзүмдөрдөн уруксат алынар замат келтирилген зыянды жоюуга толук даяр" деп айтылат мекеменин маалыматында.

03:08 28.1.2022

ӨКМ: Кыргыз-тажик тилкесинде жашаган 1470 адам эвакуацияланды

Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу 1470 жергиликтүү тургун эвакуация болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-январда саат 01:30да билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 1200ү туугандарынын жана жакындарынын үйүнө, калгандары Баткен шаарына, Маргун, Рават айылдарына жайгаштырылды.

Убактылуу жайларга 270 адам (алардын 104ү аял, 19у эркек, 147си бала) жеткирилди.

ӨКМ эвакуациялангандар тийиштүү азык-түлүк менен камсыз болгонун, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Баткен шаарында жалпысынан 600 адам бата тургандай убактылуу жайгаштыруу үчүн алты пункт ачылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG