Баткен: тажик айылдары курчаган Көк-Терек
Баткенде Тажикстандын айылдары курчаган жерде кыргыздардын Көк-Терек кыштагы жайгашкан. Эксклав болуп калып калган айылда 13 түтүн гана жашайт. Мында жалгыз көчө, дүкөн жана май куюучу жай бар. Айылда жаштар дээрлик жок. Атадан калган үйдү карап калгандар же улгайган адамдарды гана көрөсүң. Тургундар чек арада эки эл ортосунда ынтымакты тилеп күн кечирип келет.