Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:03

Баткен: Айылдар калыбына келди, элде кооптонуу кете элек


Баткен. Капчыгай айылында жаңы курулган үйлөр. 7-декабрь, 2023-жыл
Баткен. Капчыгай айылында жаңы курулган үйлөр. 7-декабрь, 2023-жыл

11-12-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы калыбына келтирилген бир катар турак жайлар менен социалдык имараттарды ачты. Ал облус калкынын турмуш-тирилигин калыбына келтирүү жана алдыга өнүктүрүү боюнча ири каражаттар бөлүнүп, көп жумуштар жасалганын белгиледи. Аймакта жашоо-турмуш кайсы жагына өзгөрүп жатат жана өкмөттүн аракеттеринин натыйжасы кандай болууда?

"Баткен бүгүн башкача"

Кыргыз бийлиги ушул аптада Баткендеги соңку эки жылда аткарылган иштерге көңүл буруп, мамлекеттик маалымат каражаттары байма-бай көрсөтүүлөрдү арнады. Удаа-удаа чет өлкөлүк сапарлардан соң өлкө ичинде Баткенге барган Садыр Жапаров 30дан ашык социалдык объектинин кызыл тасмасын кескени кабарланды. Президенттин администрациясы таркаткан маалыматка ылайык, бул жолу облуста сегиз мектеп, төрт балдар бакчасы, төрт ФАП, бир жалпы дарыгерлер борбору, УКМК башкармалыгынын имараты, бир спорт зал, бир музей, он бир скважина, эки тигүү цехи, бир ирригациялык объект жана бир курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачылып, пайдаланууга берилди.

Маалыматка ылайык, Баткен жана Лейлек райондорунда жарактан чыккан 417 үй кайра курулган. Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджет эсебинен жылына 500 млн. сом акча каражаты бөлүнүп турат. Ал каражат быйыл толук берилип, өздөштүрүлгөн.

Президент Садыр Жапаров Ак-Сай айылындагы мектептин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Баткен облусунда чек араны бекемдөөгө жана ар тараптуу өнүктүрүүгө көңүлдүн баары бурулуп жатканын айтты.

“Мен Баткен жергесинде кичинекей бир ийгилик болсо дагы кубанам. Бүгүн мына толугу менен жаңыдан курулган эки айылдын ачылышын жасап жатабыз. Каргашалуу окуялардан кийин калыбына келтирүү иш-чараларынын алкагында Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, кыйраган, жараксыз абалга келген тамдардын ордуна заманбап шарты менен жаңы үйлөр курулуп, ээлерине тапшырылды. Короолору тосулуп, дарбазалары коюлуп, ар бирине таза суу киргизилди. Ички жолдорго асфальт төшөлүп, тротуар, суу лотокторуна чейин курулду. Жашылдандыруу, жарыктандыруу жумуштары дагы жасалып бүттү. Мунун баары сиздердин мамлекетке болгон ишенимиңиздер, колдооңуздардын арты менен ишке ашып жатат. Элдин бийликке ишеними артып, бийликтин элине кам көрүшүнүн өзү эле өнүгүүгө болгон ынтымактуу кадам”, - деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Аксай айылында Б.Хожаев атындагы мектептин имаратын ачты. 11-декабрь, 2023-жыл
Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Аксай айылында Б.Хожаев атындагы мектептин имаратын ачты. 11-декабрь, 2023-жыл

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында Баткен облусуна 1,5 млрд сомдон ашык каражат берилген.

“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында жергиликтүү 315 ишкерге 276,5 млн сом жеңилдетилген насыя берилген. Ал эми гранттардын эсебинен Баткен облусунда 25 долбоор каржыланып, аларга 45,3 млн сом жумшалган. Бул каражатка 6 мектеп, 13 инженердик-коммуникациялык объектилер, 4 маданий объект жана 2 бала бакча оңдолгон. Облустагы курулуш иштерине бюджеттин капиталдык салымдар бөлүмүнөн башка облустарга караганда эң көп каражат бөлүнгөн – 1,21 млрд сомго 539 объект каржыланган".

Жергиликтүүлөрдүн жашоосу жакшырып жатабы?

Кыргыз бийлиги соңку эки жылдан бери Баткен облусунун аймагында бир катар социалдык объектилерди куруп, инфратүзүмдү жакшыртуу аракетин көрүүдө. Ошондой эле, атайын кызмат менен укук коргоо органдарынын жер-жерлердеги бөлүмдөрү үчүн жаңы имараттарды куруп келет.

Мамлекеттин жумшаган каражаттары жарандардын тирилигин оңдоп, экономикалык өнүгүүгө карай сүрөп жатабы? Курулган имараттар менен түзүлгөн шарттар калктын жашоосун жеңилдетүүдөбү? Элдин сөзү жана фактылар кандай турмушту чагылдырат?

“Азаттыктын” журналисттери жакында Баткен облусунун жабыр тарткан айылдарында болуп, жергиликтүү тургундардын жашоо-турмушу тууралуу сурап келген.

Аксай айылынын тургуну Азипа Марданаева кагылыштан кийинки жаңы тирилигин мындайча сыпаттайт.

“Бизге дагы үй салып берди. Бирок дагы деле толук бүтө элек. “Бүтүрүп берем” дейт, келбейт. Ким билет эми... Таза суу кирген эмес, чыккан суу чуңкурга (сливге) түшпөйт. Билбейм эми кантип бүтүрүп алабыз. 200-300 миң сомдон алганбыз. Ага кышы бою бирөөнүн үйүндө жашадык да. Көмүр алдык (көмүрдү кийин берди). Азыр күйөөм экөөбүз жашайбыз, балдар менен неберелерди Орусияга жөнөткөнбүз. Мектеп, бала бакча салды. Бардыгы эле болуп жатат. Коопсуздукту сактап бере албагандан кийин бул жерде кантип жашайсың?”.

Айылдын дагы бир тургуну Шергазы Маматов президенттин сапарын утурлай көрүнөө жерлерде гана иштер жасалды деген пикири менен бөлүштү:

“Бул негизги эле жолдор. Президент келип-кете турган эле жолдор болуп жатат. Көрүнөө турган жолдун бою. Негизи, айылдын ичине кирсең, башкача да... Мектеп жакшы түштү. Ушунчалык көркөмдөп салып бергенди эми сактап калыш керек да. Биз чек арада турабыз. Ушундай кооз мектепте ушундай кооз жашоо болсо деген эле үмүт”.

Чек арадагы кагылыштан кийин облустун 92 айылына өзгөчө макам берилген. Ал жергиликтүү тургундарга бир катар жеңилдиктерди жана финансылык колдоолорду камтыйт.

Баткен облусундагы серепчи Хаитали Айкынов калктын материалдык кемтиги акырындан толтурулуп жатканын айтып берди:

“Согуштан жабыр тарткан, күйгөн үйлөр жана башка социалдык объектилер негизинен калыбына келтирилди. Андан тышкары, мал, короо-сарай боюнча тарткан зыяндарын толук болбосо дагы, кайсы бир бөлүгүн калыбына келтирип беришти. Бул албетте, жакшы. Болгону согуш болгон айылдарда, негизи эле чек арада кооптонуу дале бар. Азыркы иш-чаралар кандайдыр бир деңгээлде “коопсуз болот экен” деген ишеничти пайда кылып жатат. Бирок, дале “кандай болуп кетет” деп мүмкүнчүлүгү бар айрымдары башка жерден үй, жер алып, орун которушту. Андан тышкары, облуска 500 млн сом каражат бөлүнүп, быйыл ошондон пайдаланып ар бир райондон 4-5тен ар түрдүү долбоорлор ишке ашырылууда. Ошолор элдин жашоосуна кандайдыр бир таасир бере турган объектилер болуп атат”.

Расмий маалыматтарга таянсак, 2023-жылы Баткен облусунун аймактык дүң өндүрүмүнүн көлөмү 27 млрд 83,3 млн сом болду же мурунку жылга караганда 18,2% өстү. Орточо эмгек акынын номиналдуу көлөмү 36% өстү. Бул эмгек акынын өсүүсүнүн республикалык деңгээлинен 10% тепкичке жогору.

Ошол эле маалда Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, калктын турмуш-шартынын абалы боюнча көңүл жылытпаган статистикалык маалыматтар да бар. Маселен, 2023-жылы облустагы жумушсуздуктун деңгээли 11% өскөн. Жакырчылык болсо бир жылда 40,7 пайыздан 48,5% жогорулаган.

Баткен облусундагы ишкер чөйрө жана инвестициялык климаттын абалы бир кыйла начар сандарды көрсөтөт. Алсак, 2022-жылы 72 401 ишкана иштеп жаткан болсо, 2023-жылы 536 ишканага азайган. Токтоп турган ишкана бир жылда 16,3% же 1377ге көбөйгөн.

Соңку жылдары миграция боюнча долбоорлорду ишке ашырып келаткан “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун маалыматы боюнча Баткен облусунун калкынын болжол менен 30% миграцияда жүрөт. Уюмдун программдык адиси Рахат Сагынбек соңку жылдары Бишкек шаары менен анын айлана-тегерегине карай агылган ички миграция өтө күчөгөнүн айтат.

“Биринчи кезекте, чек аранын жабылышы тургундардын кирешесин азайтты. Анткени, биздин Тажикстан менен экономикалык карым-катышыбыз бар болчу. Экинчиден, чек ара окуяларына байланыштуу жардам алгандар – биринчи категориядагы жабыр тарткандар болчу. Калгандарынын үйүн тоноп, малын айдап кеткен, эккен жер-жемиштери күйүп кеткен. Алар аябай чыгым болгондуктан, тобокелдиктерге карабай айласыздан миграцияга кайра кеткенге мажбур болуп жатышат".

Улуттук статистика комитетинин сурамжылоолоруна ылайык, Баткен облусунун тургандары мигранттардын жөнөткөн акчасына муктаж. Аймакта калктын кирешесинин 31,2% мигранттардын чет өлкөдө иштеп тапкан эмгек акысы түзөт. Бул өлкөдөгү жети облус менен эки шаар менен салыштырганда эң чоң көрсөткүч.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов өкмөттүн облуска жумшаган каражаты натыйжасыз иштетилип жатат деген пикирин билдирди.

“Чындыгында мамлекет тараптан жакшы эле көңүл бурулуп атат. Калыбына келтирүү, курулуш иштерине жалпысынан 3 млрд сомго жакын акча бөлүндү. Жылда 500 млн сомдон бөлүп атышат. Менин баамымда, натыйжалуу иштебей жатат деген ойго келип жатам. Ошол акчаны кантип иштетүү боюнча так стратегия, план жок. Эски системанын алкагында кылып жаткандыктан, бүт баары пайдасыз болуп жатат”.

2021-жылдын апрели менен 2022-жылдын сентябрында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда кыргыз тараптан жалпысынан жүздөн ашуун жаран жана аскерлер каза тапкан. Жүздөгөн турак жайлар менен социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган жана он миңдеген кыргыз жарандары үй-жайын таштап кеткен. Алааматтан кийин кыргыз өкмөтү кыйраган айылдарды калыбына келтирүү, тургундардын тарткан зыянын толтурууга киришкен. Курулуш иштери бир жылдан ашуун жүрдү.

Тажикстан да ондогон жаранын жоготконун расмий билдирген. Тараптар бул окуялар үчүн бири-бирин айыптаган.

12-декабрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады. Анын соңунда Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын жарыялады.

Президент Жапаров 11-декабрда Баткендеги иш сапарындагы эл менен жолугушуусунда Тажикстан менен чек араны тактоо кийинки жылдын жазында бүтө турганын айтты.

XS
SM
MD
LG