Кыргызстандагы тарыхый жайларга мамиле жана туристтерди тартуу үчүн тийиштүү шарттардын зарылдыгы тууралуу "Азаттык" кабарчысынын Таш-Рабаттын мисалында жазган блогу.
Улуу Жибек Жолунун тоомунда жайгашкан байыркы Таш-Рабат кербен сарайынын кире беришинде отурган эже биздин сурообузду жактырбагандай түр көрсөтүп:
- Соодагерлер ары-бери өткөндө мейманкана катары түнөп жүрүшкөн, ушинтип эле айтып жатабыз, - деп жооп берди.
- Канча бөлмөсү бар, эже, саны ар кандай чыга берет деген туурабы? - деп сурады балам.
- Билбейм, туура эле чыгып жатат, - деди эже өзүңөр санап чыккыла дегендей башын ийкеп.
Балдар ары сыйкырдуу, ары табышмактуу көрүнгөн бул тарыхый жайды көрөбүз деп көптөн бери кызыгып жүрүшкөн. "Таш-Рабаттын бөлмөлөрүн санап чыгуу мүмкүн эмес, ар кандай сандар чыга берет" деген табышмактуу сөздөрдү угуп калышчу.
Кире беришинде кербен сарай тууралуу кыскача маалымат жазылган алакандай кагаз деле таба албадык.
- Каап, кыргызча, орусча, англисче кылып маалымат илип койсо болмок экен, - деп калдым.
Бул жайды көрөм деп кызыккандар ансыз деле интернеттен маалыматтарды издеп, окуп келет деңизчи. Бирок баргандарды таң калтырып, тарыхый жердин сүрүн, сырдуулугун дагы арттыруу үчүн уламыштарды да айтып турса болот эмеспи.
Кирип-чыккан туристтер жайнайт. Көбү алыскы чет өлкөлөрдөн келгендер экен. Кербен сарайдын тегерегиндеги боз үйлөрдүн баары бош эмес. Былтыр ээлеп коюшкан дешти.
Таш-Рабат тууралуу салыштырмалуу көбүрөөк маалыматты кербен сарайдан чыкканда, гид болуп жүргөн баладан уктук. Кыска убакытка сүйлөшүп калганда, ал кербен сарайдын тегерегинен киши сөөктөрү көп табылып жатканын, муну кытайлар салышы мүмкүн экенин, бир жылы изилдөөчү-тарыхчылар келип Кытайга кеткен туннел болушу мүмкүн деп издеп, бир бөлмөсүнүн астын казып кетишкенин айтты. Чын эле, ичиндеги бөлмөлөрдүн биринде орго окшоп казылган жер бар экен. Үстүн темир тор менен жаап коюшуптур. Кээ бирөөлөр бул жерге кулдарды кармаган деп дагы айтып жиберди.
Сыры көп Таш-Рабат жөн эле ары-бери каттагандар түнөшү үчүн курулган жай эмес экени көрүнүп турат. Баары орду-ордунда, жасалгалары менен.
15-кылымда курулса да, таштары ажырап түшүп калган эмес, бекем бойдон турат. Атайын долбоор менен курулгандай. Шыбында ак чоподон плинтустары дагы турат. Чоң жана кичине бөлмөлөрү бар. Төбөдөн кирген нур терезеси жок караңгы бөлмөнү жарык кылып турат экен.
Мунун баары атайын ойлонулгандай. Босогодогу чоң ташка, узунунан, туурасынан тизилген таштарга кызыгышты балдар. Бул эмне болгон бөлмө, бул тешик эмне деп сурагыбыз келди. Божомолдоп, боолголоп келе бердик.
Нарын аймагында деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан Таш-Рабатты Маданият министрлиги өзүнө алганы жатат деп уктук ошол жерден. Балким, эми көңүл бурулуп, тарыхый мааниси эми көтөрүлөт чыгаар деп үмүт кылдык.
Ат-Башы районундагы Кошой-Коргон тарыхый комплексинин абалы деле ушундай экен. 14-кылымга таандык деп айтылган коргондун кире бериши, дарбазасы эле калыптыр бир аз соксоюп. Калган жагы жаанга, карга эзиле берип жер менен жексен болгону калган. Мурун дубалдын туурасы 7, бийиктиги 8 метр болгон экен. Ашып барса беш-алты жылда орду-түбү билинбей, бош жерден эч айырмаланбай калышы толук ыктымал.
Коргондун жанында музей иштейт. Музей кызматкери жаттап алган төрт сөзүн кызыктуу кылып айтып берсе, балдардын уйкулуу көздөрү умачтай ачыла түшмөк...
Жети-Өгүздүн Көк-Жайык жайлоосунда чакан дачалар бар. Союз учурунда ошол жерде жалпы адамзаттын космоско учкан алгачкы өкүлү, советтик космонавт Юрий Гагарин машыгып, эс алчу экен. Ошол үйдү деле музейге айлантып койсо, ички жана сырттан келген туристтерди тартканга жарамак. Азыр ал жерде жергиликтүү тургун жашап калыптыр.
Айрым өлкөлөр бир ташты деле тарыхка айлантып, бар уламышты улап айтып, келгендерди кызыктырат экен. Бизде даяр, кенен, бай тарыхты баалай албай жүрөбүз.
Бизде көп музейлердин, тарыхый жайлардын абалы, тилекке каршы, ушундай. Ал жерге иштегендерди тандоо дагы башкача болуш керекпи деп калдым. Кызыккан, кызыктырган адам барса, башкача болор беле...
Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.