Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

"Салкын тартып карааның менден узады..."


Акын Роза Карагулова.
Акын Роза Карагулова.

Жетимишинчи жылдары ымандай сырын ырга төгүп, кыргыз адабиятындагы кыздар поэзиясына бүлүк салган акын кыздардын бири - Роза Карагулова. Ал баёо мүнөзү, татаал тагдыры менен коштолгон сезимтал ырлары аркылуу бүгүн экинчи өмүрүн сүрүп жатат. "Улуу тоолор" басмасы жакында акындын жарык көрө элек ырларынан жана тандалмаларынан топтолгон "Жаңырык" аттуу китебин чыгарды. Акындын жан дүйнөсү кандай эле?

"Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,

Салкын тартып карааның менден узады.

Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,

Тумчуктурба агызып шарын ызанын..."

Айтылуу композитор Түгөлбай Казаковдун классикага айланган бул "Сүйүү жазы" аттуу ырынын сөзү акын Роза Карагуловага таандык.

Адабиятчы Осмонакун Ибраимовдун баамында, бул ыр акындын талантын эле эмес, кыргыз поэзиясынын деңгээлин көрсөтүп турат:

Осмонакун Ибраимов.
Осмонакун Ибраимов.

- Роза Карагулова өтө кызыктуу акын. Чыгармаларынын арасында классикага айланып калган ырлары бар. Мисалы, "Себеленип ойлордун жумшак жамгыры, салкын тартып карааның менден узады..." деген сабы классика. Бирок бул жерде бир нерсеге көңүл бурушуңуз керек. "Себеленип, ойлордун жумшак жамгыры, салкын тартып карааның менден узады..." деген сапты жазыш үчүн кыргыз поэзиясы жарым кылым иштеши керек болгон. Себеби мурдагы заманда акын минтип жазса эл күлмөк.

Ошентип Роза Карагулованын поэзиясынын кудурети жарым кылымдан кийин адабиятчы Осмонакун Ибраимовдун көз карашын өзгөртө алды. Анткени ал сексенинчи жылдары акындын ырларын "делбе болгон ойлор ыйы же сөздөр алхимиясы" деп сындап чыкканы белгилүү.

Филология илиминин доктору, акын Аида Эгембердиеванын пикиринде мындай сындар акынды кезинде чүнчүткөндүр, бирок, ошол эле учурда чыйралтканы да анык:

Аида Эгембердиева.
Аида Эгембердиева.

- Учурунда Осмонакун Ибраимов Карагулованын чыгармаларын "Делбе болгон ойлор ыйы же сөздөр алхимиясы" деп сындап атпайбы. Ошол 80-жылдары жазган сынында агай "бул кызык акын экен, биз үндү угабыз, бирок көзүбүз менен көрбөйбүз, кандайдыр бир нерселер бар, аларды биз көрөбүз, бирок үнүн укпайбыз. Бул көрө турган нерсенин үнүн угуп, уга турган нерсенин өңүн көрүп, таптакыр кызык, бири-бирине коошпогон сөздөрдү чалмакей чалган сөздөрдүн алхимиги турбайбы..." деп аябай таң калып жазганы бар да. Кийин менин докторлук диссертациямдын жетекчиси болуп калганда Осмонакун агай менен сүйлөшүп отуруп, Роза эже жөнүндө сөз болгондо агай мага: "Мен ошондо ашыкча сындап койгон окшойм, кийин өкүнүп калдым", деп айтты. Мен бул тууралуу башкача ойлойм. Себеби, ошол учурда Ибраимов сындаган Сагын Акматбекова, Роза Карагулова экөө тең кыргыз адабиятында кандай акындар? Демек, адабияттын өсүшү үчүн сындын таасири бар экен да.

Окумуштуунун айтымында, өкмөт менен партияны ырда даңазалоо эрежеге айланган жетимишинчи жылдары кыздар поэзиясына купуя сырын ырга салып, топ жаргандардын катарында дал ошол Роза Карагулова, Сагын Акматбекова өңдүү акындар турат:

Окурмандар Ленин тууралуу ырды биринчи беттен көрүп көнүшкөн эле. Эженин китебин ача койгондо эле биринчи бетте "Эсиңдеби", "Сен экөөбүз чуркап өткөн мүрзөлөр" деп таптакыр башка темалар окурмандарды абдыратып койгон.

- Ошол кезде акын кыздар чыгармачылыкта бунт жасашты. Мисалы, Сагын Акматбекованын "Жамгыр" деген ыр жыйнагы чыкканда адабиятта укмуш жаңылык болгон. Себеби ага чейин окурмандар Ленин тууралуу ырды биринчи беттен көрүп көнүшкөн эле. Эженин китебин ача койгондо эле биринчи бетте "Эсиңдеби", "Сен экөөбүз чуркап өткөн мүрзөлөр" деп таптакыр башка темалар окурмандарды абдыратып койгон. Ушул эле көрүнүш Роза Карагулованын ырларында да бар. Ал күнүмдүк темаларга байланбаган акын болгон. Негизинен чыгармаларынын дээрлик баары өзүнүн ички дүйнөсүнө үңүлгөн сыр жашырбас ырлар.

"Салкын тартып карааның менден узады..."
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:53 0:00
Түз линк

Карагулованы студент кезинен билген курбусу, акын Калбү Сариева да жетимишинчи жылдардагы кыздар поэзиясын Роза Карагуловасыз элестетүү мүмкүн эмес деп эсептейт.

- Кыргыз кыздар поэзиясын эки Розасыз эскерүүгө мүмкүн эмес. Алар Мукашева Роза менен Карагулова Роза. Калган кыздар ушулардан кийин башталат. Мен Розаны адам катары айткым келет. Биз жакшы жүргөн курдаштар элек. Роза Мукашева, Роза Карагулова, Шербет Келдибекова бир-эки жаш айырмасы бар куракташтар, теңтуштар эле. Булардан кийин бир, эки жаш айырма менен кошулуп жүрдүк. Роза Карагулова чынында адам катары өтө назик, аруу, таза жан эле.

Акындын баёолугу менен аруулугун Эл акыны Меңди Мамазаирова да эске салды:

Меңди Мамазаирова.
Меңди Мамазаирова.

- Роза өтө эле тартынчаак, өтүмсүз, өзү жасап койгон зор эмгегин элге көрсөтө албаган кыз эле. Чыгармачыл адамдардын эки түрү болот экен. Бирөөлөр бир аз эле эмгек кылып, анысын көтөрүп чаап көп жерге көрсөтө берип, бат эле сыйлык, наамдарга жетип баркталып калат экен. Роза өз дүйнөсүнө өзү батып, өз дүйнөсү менен өзү болгон, өзүнүн башка бир дүйнөсүндө жашаган аял эле. Ал кишинин көзүнө тик карабаган өтө назик, үлбүрөгөн кыз эле.

Калемдештери, замандаштары акын Розанын тунук жан дүйнөсүндөгү оодарылган замандын, катаал жашоонун мыйзамдары менен быгыша албай, ошондон улам тайкы тагдырга тушукту деп эсептешет экен. Дагы бир акын Үрниса Маматова калемдешин минтип ырга салган экен:

***

Советтик акын элең,

Жашаган айлык менен.

Итиң жок, үрүп чыгар,

Ишиң жок байлык менен.

Капитал түзүлүштү,

Өлгүдөй жамандашкан.

Качырып кирип келди,

Ал анан амандашпай...

Баспадың байлык жакка,

Капитал изи менен.

Жан дүйнөң коошподу,

Капитал түзү менен.

Аскадай акын деген,

Бийиктен түшкөнүң жок.

Жан дүйнөң менен өттүң,

Мал-дүйнө күткөнүң жок...

Үрүниса Маматованын айтымында, акын өмүрүнүн акыркы жылдары оору менен да алпурушуп калган экен:

Азыркы мезгилге ылайыкташа алган жок. Базар экономикасы менен таптакыр келише албай койду.

- Роза жаңы заманды кабыл ала албай койду. Азыркы мезгилге ылайыкташа алган жок. Базар экономикасы менен таптакыр келише албай койду. Биз да бири-бирибизге өбөк-жөлөк боло албай койдук. Мен курдаштарга "ай, жүргүлөчү, Роза "эки жолу инсульт алдым" деп жатат, барып абалын сурап коелу. Көңүлү көтөрүлүп калат" деп жакшы эле аракет кылдым. Бирок бул тирүүлүктө баарыбыз эле өлбөчүдөй болуп ыңгырана берет турбайбызбы. Айтор, бирибиздин колубуз тийсе, бирибиздин колубуз тийбей абалын сурай албай калдык.

Роза Карагулова жакындары менен.
Роза Карагулова жакындары менен.

Акынды иликтеген окумуштуу Аида Эгембердиева анын жеке турмушу тууралуу айтып берди:

- Жеке турмушуна кызыктым. Роза эжебиздин ата-энеси өз жолдору менен эки тарапка кетип, жалгыз бир тууганы менен чоң энесинин колунда өскөн экен. Андан кийин турмушка чыгып, кадимкидей эле уул-кыздуу болгон. Жолдошу Аскар Макешов да чыгармачыл киши болгонун билебиз. Акын катары белгилүү. Бирок экөөнүн жолу эки ача кеткен. Мен жеке пикиримде чыгармачылыкта эки жуптун пикирлери келишпеген окшойт.

Быйыл "Улуу тоолор" басмасы акындын "Жаңырык" аттуу ырлар жыйнагын басып чыгарды. Басманын директору, китепти түзүүчү Жумадин Кадыровдун сөзүнө караганда, бул китепке мурдагы китептеринен алынган тандалмалар жана жарык көрө элек ырлары кирип, миң нуска менен басылып чыкты.

Акын Салтанат Орозобекова бул ыр китеп акын ырынын тагдырын өз тагдырынан бийик койгондугун, акындын сапары өзгөчө экенин дагы бир жолу далилдеди деп, төмөнкү ырын мисалга тартты:

***

Түн уйкумду күйгөн шамдай суюлтат,

Бул дүйнөгө келип кетчү себебим.

Жеке бакыт берилбесе берилбес,

Үн бер бирок, жаңы кылыч өңдөнгөн,

Ал ой коргоп, жукалансын ийкемдүү,

Өз жолум бер, тагдыр сенден сурарым,

Жапан жайдан, из түшө элек шиберден,

Өмүр барда от кыймылды өчүрбө,

Мен басчу жол түшсүн жердин бетине.

Чыдайм андан жалгыз басып өтүүгө.

Акын көзү тирүүсүндө "Кыз дүйнөсү" (1975), “Көл тынышы” (1978), “Жолдо” (1985), “Тынчы жок талаа” (1988), “Капчыгай” (1991) аттуу ыр китептери чыккан.

Роза Карагулова 1946-жылы 30-июлда Талас облусунда туулган. 1970-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун Нарын жана Көл өрөөндөрүнүн мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.1982-жылдан өмүрүнүн акырына чейин китепканачылык кесипти аркалаган. 2008-жылы 62 жашында дүйнөдөн кайткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG