Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:08

"Бангладештен тигүүчү чакырдык". Толбогон иш орундары, токтобогон миграция


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканын белгилеп, чет жактарда иштеп жүргөн кыргызстандыктарды мекенине кайтууга үндөп келет.

"Жумуш бар, жумушчу жок"

Ысык-Көлдө кыш заводун ачкан Руслан Эшимов бир айдан ашуун убактан бери бул заводго жана таманташ (брусчатка) куюучу цехке жумушчуларды чакырып келет.

Ишкер "үч маал ысык тамак берилет, жатаканасы бекер, маянасы иштеген ишине жараша 60-70 миң сомдон жогору" деп жарыя берсе да, жумушчулар келбей жатканын айтты:

Руслан Эшимов
Руслан Эшимов

"Үч маал ысык тамагы, жатаканасы бекер, андан тышкары ысыкта айран, жарма үзгүлтүксүз берилип турат. Айлык акысы иштегенине жараша 60 миңден ашуун. Бул күнүнө 2 миң сомдон табасыз деген сөз. Бир айга чукулдап калды, 80 жумушчу керек эле, дагы 25 адам таппай атабыз. Кыш заводдо сезондук иш болот. Жайкы аптапта, ачык асман алдында иштөөгө туура келет. Аны укканда эле "иш оор турбайбы" деп кача башташат. Иштегендер жоктугунан таманташ, еврокоргон чыгаруучу цехтерибизде жумушчу жетишпей, түшкөн буюртмаларды убагында жасап үлгүрбөй жатабыз. Жумуш бар, акчасы бар. Иштеген киши жок".

Жумушчу күчү жеңил өнөр жай тармагында да тартыш болуп жатканы айтылып келет. Тигүүчүлөр аз болгондуктан орточо айлык акы 80 миң сомго чейин чыкканын дагы бир ишкер Диля Дүйшөбаева айтууда.

Диля Дүйшөбаева, ишкер
Диля Дүйшөбаева, ишкер

"Тигүүчүлөрдүн орточо айлык акысы 80-100 миң сомго чейин чыкты. Азыр 150 миң сомго чейин алган тигүүчүлөр бар. Бирок жаштардын көпчүлүгү 8-10 саат жылбай отуруп иштегилери келбейт экен. Мектепти бүтүп эле миграцияга кетүүнү каалашат. Андан көрө тигүүчүлүктү үйрөнүп, бул жакта иште десең, көнбөйт. Азыр эми айылдагы кыз-келиндерди өзүбүз үйрөтүп, "үйдө отуруп эле тигип берчи" деп суранып, буюртма берип калдык. Бирок анын да убарасы көп. Сапаты биз каалагандай болбой, бракка чыгып калат. Айла жок, Бангладештен 20 тигүүчүгө квота алып, жумушчу сураганбыз. Жакында келет. Күтүп атабыз. Айына 400-500 доллар туруктуу айлык беребиз деп сүйлөштүк. Бир маал тамагы, жатаканасы бекер болот. Өзүбүздүкүлөр иштебесе, сырттан алып келгенге аргасыз болот экенбиз".

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинен "Азаттыкка" радиосуна 7-августта маалымдашкандай, Кыргызстанда 12 465 жумуш оруну бош. Мунун ичинде айрыкча жумушчу адистерге суроо-талап күч.

Быйыл чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда иштеши үчүн 16 600 квота бөлүнгөн. Эмгек квотасын көбүнчө чет өлкөлүк же кыргызстандык ишкерлер менен кызматташкан ишканалар суранышат.

Жыл башынан бери 330 миңге чукул чет өлкөлүк жаран каттоого турган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 33 миңдей адамга көп. Санарип өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаеванын маалымдашынча, 60 күндүк каттоого турган чет элдик жарандардын көбү - мигранттар, студенттер жана туристтер. Кийизбаеванын айтымында, былтыр каттоодон өткөн 297 миңдей чет өлкөлүк жарандын 220 миңден көбү өзбекстандыктар болгон. Алардын көбү курулушта, тигүү тармагында иштегени келген.

"Кыргызстанда деле иш бар"

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксыдагы социалдык мекеменин ачылышына катышып, чет жерде жүрүп тапкан акчаны өз мекенинде да тапса болорун айткан.

Нурланбек Шакиев
Нурланбек Шакиев

"Мен Москвага барганда мигрант мекендештерибизге жолуктум. Эки-үч жерде, күндөп-түндөп иштешет экен. Бул жерде деле ошентип иштешсе болот. Кыргызстанда эч убакта антип иштебейт. Эптеп качыш керек, кетиш керек", - деген Шакиев.

Кыргызстанда жумушчу орундар бош калып, жумушчулар жетишпей жатканы тууралуу президент баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү буга чейин да билдирген.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы курулуп жаткан өкмөт үйүнүн курулушунда иштеген жергиликтүү жумушчуларды сындап, чет өлкөдөн келген усталарга "бүтүрүп бергиле деп жалынганын" айтканы бар.

Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө миграцияга кетпей, мекенде эле иштөөгө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да чакырып келет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жаңы жумуш орундары ачылганы менен, жумушчулар жетишсиз экенин Оштогу жаңы курулган текстиль фабрикасынын ачылышында да айткан.


"Иш болгону менен, шарт жок"

Ушу тапта Кыргызстандын 7 миллиондон ашуун калкынын миллионго чукулу Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

Андан тышкары Түштүк Кореяга, Европанын айрым өлкөлөрүнө, Британияга талаа жана багбанчылык жумуштарына тартылгандардын да саны арбып жатканы айтылып келет.

Буга чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жыл башынан бери 11 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө ишке орноштурулганын билдирген. Алардын басымдуу бөлүгү Англия, Түштүк Корея, Венгрия, Түркия жана Германияга жөнөтүлгөн.

Москвада бир нече жылдан бери иштеген Бактыгүл Кыргызстанда айлыктын аздыгы, жумушчуларга социалдык колдоо жоктугунан улам Кыргызстанда иштегиси келбегенин билдирди.

"Москвада орточо айлык - 50 миң рубль. Жакшы иштесең, 120-150 миң рублге чейин тапсаң болот. Социалдык колдоосу бар. Документтериң так, ишке расмий катталып кирген болсоң, бейтапканаларга тиркеп коёт, медициналык кароо акысыз. Ооруп калсаң, ооруган күндөрүңө, эмгек өргүүңө төлөнөт. Мен жумушка расмий катталып кирген эмесмин. Мындай жеңилдиктерим жок болгону менен айлыгым жакшы. Беш күн иштеп, эки күн эс алам. Кыргызстанда иш болгону менен, айлыгы аз. Шарт да жок".

Ошол эле маалда Кыргызстанга келип иштеп, бирок кайра кетип жаткан мигранттар да бар.

Ноокен районунун тургуну Өсөр Кожоев пандемия учурунда Орусиядан кайтып келип, талаада иштөөнү чечкен. Анын айтымында, эки иниси кийинки жылы Москвага кайра кетүүгө аргасыз болушкан.

"Коронавирус маалында баарыбыз "өлсөк өз үйүбүздө өлөлү" деп кайтып келбедикпи. Ал жылы кетпей, кийинки жылы эки иним менен талаага пахта, жүгөрү айдап оокат кылууну чечтик. Өзүбүздүн үлүш жерлерден тышкары башкалардын жерлерин ижарага алдык. Мен Москвада иштеп аздыр-көптүр чогулткан акчама дагы карыз алып, трактор сатып алдым. Үчөөлөп баштаган ишибиздин акыбети кайтпады. Таңдан-кечке, күнү-түнү тынымсыз иштеп аттык биз деле. Бирок күзүндө түшүм жыйнап, кирешени санай келсек, чыгымды актай албаптырбыз. Кайра карыз болуптурбуз. Эки иним былтыр кайра Москвага кетишти. Тракторду сатайын десем, алган баадан арзан сурашты. Техника экен, бузулат, тетиктери кымбат. Быйыл күзүндө эгин-тегин жыйылса, кайра кетейин деп турам".

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (29%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG