Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:51

Балалык изи кыргыз жеринде калган, эки элге данакер болгон Шерали Жураев


Шерали Жураев. Архив
Шерали Жураев. Архив

Өзбекстандын эл артисти, композитор, акын, актёр Шерали Жураев 4-сентябрда айыккыс илдеттен улам акка моюн сунду. Бүтүндөй Орто Азия чөлкөмүнө таанымал өнөрпоз 76 жашта эле. Таланттуу ырчы 1970-жылдардан кийин кыргызстандык маданият ишмерлери менен тыгыз кызматташып, Кыргызстанда бир нече жолу концертин да уюштурган.

“Азаттык” аны Кыргызстандагы замандаштары, санаалаштары менен эскерет.

Шерали Жураев 1947-жылы Анжиян облусунун Асака шаарында туулган. 1971-жылы Ташкент театр жана сүрөтчүлүк институтунун актердук маданияты бөлүмүн аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 1972-жылы «Шодлик» ансамблинде баштаган. Кийинчерээк Анжиян облустук филармониясында жана мамлекеттик филармонияда ырчы болуп эмгектенген. 2017-жылга чейин «Өзбекнаво» эстрадалык бирикмесинде ырдаган.

Шерали Жураев.
Шерали Жураев.

"Бала чагы кыргыз жеринде өткөн"

Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда, Жураевдин атасы Жоробай бай адам болгон. Союз учурунда анын мал-кели Өзбекстан менен Кыргызстандын Алай, Кара-Суу , Өзгөн районунун аймагына чейин багылган. Шерали каникул учурунда улуу агасына мал багууга жардам берип, кыргыз жеринде балалыгынын изи калган. Ал ошондо эле боордош кыргыз элинин сый-урматын көп көргөнүн, кооз жерлер талантынын ачылышына шык бергенин замандаштарына далай айтып берген экен.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, 2018-жылдан 2021-жылдын аягына чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп эмгектенген Ибрагим Жунусов маркумду эскерди:

Ибрагим Жунусов.
Ибрагим Жунусов.

“Өзү Алайда чоңойгом деп көп айтчу эле. Анткени атасы чабан болгон да. Союз маалында Өзбекстандын малы Кыргызстандын аймагында 6-7 айлап жүрчү экен. Ошондо Шерали аке Чоң-Алайга чейин мал айдап барчу экен. "Ошол жердин суусун ичип, абасын жутуп, ошол жерде кыйкырып ырдап жүрүп ырчы болуп калдым" деп дайыма айтар эле. Соңку кездеги сүйлөшүүлөрүбүздө да мага “Алайга бир барып келбейлиби” деп айтып калды. Мен “Макул, качан убактыңыз болсо барабыз” дегем. Анан кийинки эки жылда эле аты жаман оору менен ооруп калды. Түркиядан операция болуп келди”.

Кыргызстан жана Өзбекстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, кыргызстандык калемгер Бегижан Ахмедов буларга токтолду:

"Ал кыргыз ырларын ырдаганда өңү башкача бир нурга толуп, башкача бир эмоция менен ырдаар эле. Кыргыз маданият чөйрөсүндө эле эмес, жөнөкөй элдин ичинде да достору көп эле. Ал Кыргызстанга мейманга келип калса, чоң достук майрамына айланып кетчү”.

Маркум ырчы Шерали Жураев жана жазуучу Бегижан Ахмедов.
Маркум ырчы Шерали Жураев жана жазуучу Бегижан Ахмедов.

Ибрагим Жунусов таланттуу ырчы Шерали Жураев менен 1995-жылы таанышып, ушул кезге чейин ага-инидей жүргөн. Ал эки элдин уулуна айланган ырчы Кыргызстандын ардактуу наамын алууга жетишпей кеткенине кейиди:

“Мындан эки жыл мурун Ташкентте төрт күн чоң концерт берген. Беш миң орундук зал төрт күн бою толуп жатты. Мени да ардактуу конок катары чакырган. Анда да эки элдин достугун даңазалап бир топ жакшы кеп сүйлөгөн. Абдан жакшы адам эле. Кыргызстан менен эле эмес, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен да жакшы алакада болуп, боордош элдерге маданий көпүрө болду. Ошондуктан Тажикстан ага 2019-жылдары Эл артисти наамын ыйгарды. Мен да 2020-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын берели деп документтерин жөнөттүм эле, ал тургай ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен да сүйлөшкөм. Ал да туура көргөн. Бирок бизде андан кийин эле октябрь окуясы болуп кетти... Ушул жылдын ноябрь айында да Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү өтмөк. Ошол учурда берилип калат деп өзүмчө ойлоп турдум эле, эми минтип көзү өтүп кетти”.

"Музыка чек араны тандабайт"

Алишер Навои атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Шерали Жураев 4-сентябрда рак оорусунан улам дүйнө салды. Өзбек бийлиги жарыялаган көңүл айтуу катына президент Шавкат Мирзиёев, Сенаттын төрайымы Танзила Норбоева, өкмөт башчы Абдулла Арипов баштаган жогорку даражалуу чиновниктер кол коюшту.

Алар Шерали Жураевди улуттук музыканын көрүнүктүү ишмери, устаты деп сыпаттап, маданияттын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошконун, өзбек ырчылык өнөрүн дүйнөгө таанытканын белгилешти.

Жазуучу Бегижан Ахмедов ырчыны сейрек талант катары сыпаттап, ага кыргыздын атактуу маданият ишмерлери да бийик баа бергенин айтат:

“Шерали Жураев эки элдин музыка сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн эбак орун тапкан. Анын композиторлук талантына өз учурунда СССРдин эл артисти, улуу композитор Калый Молдобасанов дагы жогорку баасын берген. Музыка чек араны тандабайт. Жураев дүйнө классиктеринин, өзбек элинин улуттук ырларын мукам авазга салып ырдаганы менен миллондогон жүрөктөрдү багындырган”.

Шерали Жураев.
Шерали Жураев.

Эки элге данакер ырчы

Замандаштары Шерали Жураевдин эки элдин уулуна айланганы 2010-жылы кандуу Ош окуясында да билинди дешет. Ырчы бул учурда жаңжалдашкан кыргыз-өзбек улуттарын ынтымакка чакырып, ыры менен данакерлик кылган.

Анын “Ойлон, бала” аттуу ырында ал эки эл мурдатан эле кандаш, тили бир экендиги, кыянатчыл күчтөр ортого от жакканын баяндаган. Бул ыр өз учурунда кыргыз коомчулугу тарабынан да жылуу кабыл алынган.

Өзбекстанда атагы таш жарып турган ырчы 1980-90-жылдар аралыгында Кыргызстанга да байма-бай келген. Ушул жылдары Ош шаарынын стадионунда бир ирет, тойканаларда эки ирет концертин өткөргөн.

Аларды уюштурууга Кыргыз Республикасынын эл артисти, “Кыз бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова көмөктөшкөн.

Гүлшайыр Садыбакасова.
Гүлшайыр Садыбакасова.

“Ысымын унутуп калдым. "Кара пантера" деген каймана аты бар өзбекстандык кыргыз жигити бар эле. Жураевди Ошко ошол жигит алып келген. Анан мага жардам бериңиз дегенинен көмөктөшүп калган жайым бар. Бир жолу стадиондо, эки жолу тойканада өткөрдүк. Жураев да менин “Кыз буракты” түзгөнүмдү билип, жакшы кебин айткан. Коңшу элдин маданиятына болгон жакшы көз карашын билдирген. Ошондо абдан ыраазы болгом. Бул маданиятта чек ара болбостугун далилдеген. Ал чынында жөнөкөй эле чыгармаларды жаза берчү эмес. Мекен, эл, эл достугу, махабат тууралуу мыкты ырларды жараткан. “Кыз бурак” тобу да анын “Заман биздики” деген бир ырын ырдап калдык. Ошол ыры биздин репертуарда 5-6 жыл ырдалып жүрдү”.

Каримовго жакпаган Жураев

Борбор Азияга таанымал ырчы 1990-1994-жылдары парламент депутаты да болгон. Ислам Каримов президент кезинде, 1995-жылдын 2016-жылга чейин анын ырчылык өнөрүнө тымызын тыюу салынган. Ырлары радиодон уктурулбай, теледен көрсөтүлбөй, концерт өткөрүүгө уруксат берилген эмес.

Ал Каримовдун өлүмүнөн кийин, 2017-жылдын январында чоң сахнага кайтып келген. Ошол жылдын августунда жаңы түзүлгөн “Мекендештер” коомдук фондунун төрагасы болуп дайындалган.

Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова ырчынын сахнага бир топ жыл чыкпай жүргөнүнүн себебин ушуга байланыштырат:

“Шералини эл сүйүп укчу. Кайсы мамлекетке барбасын ошол жердеги өзбек улутундагы эл эмес, боордош эл да жактырчу. Себеби маанилүү, сезимге жетер ырларды ырдап, элге жеткирер эле. Анан чындыкты бетке айтып сүйлөгөн киши эле. Ырларында да чоңдорду, президенттерди чымчылап ырдап коёр эле. Бийлик башындагылардын туура эмес жүргүзүп жаткан саясатын сындап ырдап койчу. Ошонун айынан катуу сокку албаса дагы, кээ бир мезгилдерде өзбек бийлиги тарабынан “ырдабасын, чыгармачылыгына жардам көрсөтүлбөсүн” деген буйруктар берилип, запкы көрүп жүрдү”.

76 жашында дүйнөдөн өткөн Шерали Жураевдин сөөгү 5-сентябрда Ташкенттеги "Шейх Зайниддин" көрүстөнүндө жерге берилди. Социалдык тармактын колдонуучулары маркум ырчы менен коштошууга миңдеген күйөрмандары келгенин жазышты.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG