Эгер сот жактоочунун арызын канааттандырса, анда мурдагы мамлекет башчынын соттук ишин кайра кароого жол ачылышы мүмкүн.
Токсондой кишинин өлүмүнө алып келген “Апрель окуясына” байланыштуу соттук жараяндын алкагында Курманбек Бакиев сыртынан 30 жылга кесилип, жакындарына да өкүм чыккан.
Соңку жылдары Кыргызстанда мурдагы президентке байланыштуу мындан башка да аракеттер жүрүп, ал Бакиевдерди актоо катары сыпатталып келет.
Соттун маалыматы, адвокаттын өтүнүчү
Конституциялык соттун судьялар коллегиясы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун арызын апта башында өндүрүшкө кабыл алганы мекеменин сайтына жарыяланды.
Маалыматта белгиленгендей, ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жети беренеси, тагыраагы мурдагы президентти сыртынан соттоого шарт түзгөн нормалардын Баш мыйзамга шайкештигин текшерүүнү суранууда.
Адвокат өз жүйөсүндө айыпталуучу жок болсо тергөө иштери анын жүргөн жери аныкталганга чейин токтотулуп турарын белгилеп, ал эми Бакиевдин ишинде ал катышпаса деле иш сотко өтүп, айыптоо өкүмү чыгып калганын мыйзамсыз деп эсептөөдө.
“Баяндалгандарды эске алуу менен, арыздануучу талаштуу ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Конституциялык сот жогоруда көрсөтүлгөн кайрылууну карап чыгат жана өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып алты ай ичинде ал боюнча акт чыгарат”, – деп айтылат Конституциялык соттун маалыматында.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
“Апрель окуялары” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.
Бакиев жана анын үй-бүлөсү Беларустун башында турган Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын аларды экстрадициялоо өтүнүчүн расмий Минск четке каккан.
Адвокат Икрамидин Айткулов бул соттук отурумдарда Курманбек Бакиев айыпталуучу катары катышпай, өзүн актоого мүмкүнчүлүгү болбой калганын билдирүүдө:
“Конституцияда “адамдын сыртынан өкүм чыгаруу болот” деген ченем бар, ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде деле каралган. Бирок ошол эле кодексте ишти адамдын сыртынан сотко жөнөтүүгө уруксат берген норма жок. Анткени, тергөө бүткөн соң тергөөчү айыпталуучуну иштин материалдары менен тааныштырышы керек. Ошондон кийин гана сотко жөнөтүүсү шарт. Айыпталуучу материалдар менен таанышып, качып кетсе гана иш сотко да жөнөтүлүп, өкүм да чыгарса болот. Бул жерде андай болгон эмес. Ошондуктан Курманбек Бакиевдин ишин сыртынан эле сотко жөнөтүп жиберишкени мыйзамга туура келбейт. Башка иштердин баарында мындай учурда ишти тергөөнү токтотуп, айыпталуучуга издөө жарыялашат. Бирок Бакиевдер боюнча андай кылышкан эмес. Аны өлкөдөн мажбурлап чыгарып, андан соң саясий негизде сыртынан өкүм чыгарып коюшкан”.
Жактоочу ырастагандай, ал аталган маселеге байланыштуу Конституциялык сотко буга чейин эки жолу – былтыр жана быйыл жыл башында кайрылган. Анын экөөндө тең сот анын арызын кароодон баш тарткан. Андан соң адвокат жүйөлөрүн негиздеп, кайрадан алып келген жана сот үчүнчү ирет гана кабыл алды.
"Бакиевди актоону "апрелчилер" кабыл ала албайт"
Азырынча Конституциялык сот бул боюнча кандай чечим чыгарары белгисиз. Бирок эгер сот жактоочунун арызын канааттандырса, анда мурдагы мамлекет башчынын соттук ишин кайра кароого мүмкүнчүлүк ачылат.
Башкача айтканда, Курманбек Бакиев Жогорку сотко кайрылып, өзүнө чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарууну талап кыла алат.
Бул жагдай 2010-жылы “Апрель окуясында” жакындарын жоготкондордун жана анда жабыркагандардын нааразылыгын жаратууда.
“Айкөл Ала-Тоо" коомунун жетекчиси Жылдызбек Исаков "Азаттыкка" берген интервьюсунда мындай деди:
"Биз бул боюнча буга чейин да бир нече ирет айтып чыкканбыз. Мунун баары Бакиевдерди реабилитациялоо аракети. 7-апрелде канчалаган кишинин канын төгүп, канча ата-энени сыздатып, канча энени жесир, канча баланы жетим кылып, аянтты канга боёп кеткен канкорду актоо аракети башталганына абдан таң калып жатабыз. Эми бул кишинин иши бардык инстанциядан өткөн, Жогорку соттун чечими бар. Ал киши келсе түрмөгө эле олтургузуш керек. Ал жерде бардык далилдер турат, Ак үйдүн чатырында снайперлердин турганын көргөнбүз. Ошолордун баары турса, келип “акталам” дегени, бул кечирилгис. Муну Апрель окуясынын балдары эле эмес, жалпы эл кабыл албайт".
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев 2022-жылы кыргыз гезитине берген интервьюсунда өзүнө каршы козголгон кылмыш иштерине байланыштуу сот жараяндарына онлайн катышууга даяр экенин билдирген.
2023-жылдын башында президент Садыр Жапаров мурдагы беш президент, анын ичинде Курманбек Бакиев менен Дубайда жолугушкан. Жапаров эл-жердин ынтымагын ойлоп, мурдагы мамлекет башчыларды чогултканын билдирип, "Бакиевге сот чечими чыкканын, Кыргызстанга келсе камакта олтурушу керектигин" айткан.
Мындан соң “Апрель окуясынан” кийин түзүлгөн коомдук бирикмелердин 40тан ашуун мүчөсү Бишкекке чогулуп, муну Бакиевдин актоо аракети катары баалашкан жана ага каршы чыгышкан. Президент мындан кийин да интервью берип, Бакиевдерди актоо ниети жок экенин билдирген.
“...Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек”, – деген Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-майында “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда.
Быйыл январда президент Садыр Жапаров “Апрель окуясында” жабыркагандардын жакындарын жана катышуучуларын кабыл алып, жабык эшик артында сүйлөшкөн.
Кийин Жапаров жабыр тарткан адамдар мурдагы президенттен кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айткан. Президент алар “Курманбек Бакиев 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убада кылган” деп айтышканын жана ал үчүн 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин билдирген. Жай айларында “Манас” аэропортуна кетип бараткан жолдо “апрелчилерге” делген тигүү фабрикасынын курулушу башталган.
Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери менен, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.
Акаев кол тийбестик макамын калыбына келтирүү боюнча быйыл сентябрда Жогорку Кеңешке кайрылып, парламент аны канааттандырган жок.
Айрымдар эгер Акаевдин макамы калыбына келтирилсе, анда Бакиевдин макамы да кайра каралышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан.
Шерине