Бишкекте балдардын спорт аянтчасы талашка түштү
Бишкектин борборундагы Байчечекей үйүндөгү 176-батирдин жашоочулары курулуш компаниясы алардын жанына мыйзамсыз үй куруп жатканын айтып митингге чыкты. Жашоочулар курулуш компаниясы спорт аянтчаларынын аймагын мыйзамсыз ээлеп алды деп, сотко кайрылып, бирок утулуп калган. Жерди сатып алгандар болсо баары мыйзамдуу экенин айтышат.