Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Элчи Фейсбуктагы пикири үчүн кызматтан кетти


Бир нече күн мурун Ислам кызматташтык уюмунун Европа биримдигиндеги элчиси, азербайжандык дипломат Ариф Мамедов Фейсбукта жазган ой-пикирине байланыштуу кызматынан алынганы тууралуу кабар тараган.

Бирок дипломат “Азаттык” радиосунун азери кызматына курган маегинде өзү арыз жазганын айтып берди.

Бир нече күн мурун тараган маалыматтарда Ислам кызматташтык уюмунун Европа биримдигиндеги өкүлү, Азербайжандын Брюсселдиги мурдагы элчиси Ариф Мамедов кызматынан чакыртылганы, дипломатиялык статусунан ажыратылганы айтылган.

Азербайжан өкмөтүндөгү айрым булактар ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сын пикирин жактырган 5 дипломат да тышкы мекемедеги жумуштан айдалганын айтышты.

Мамедов 19-майда Бакуда чыккан өрткө байланыштуу мындай деп жазган:

"Бул трагедия – ар бир азерини кайгыга батырды, жүрөгүн сыздатты. Бир да эл мындай адилетсиздикке жана кемсинтүүгө чыдабайт. Аткаминерлер элдин азап чегүүсүнөн акча жасап атышат. Элдин ачуусунан коркушпаса, Алланын каарынан коркушсун!”

16 кишинин өмүрүн алган өрт
16 кишинин өмүрүн алган өрт

Эсиңиздерге сала кетсек, борбор калаадагы көп кабаттуу үйдө чыккан өрт 16 кишинин өмүрүн кыйган. Маалыматтарга караганда, кырсыкка тамдын бооруна төшөлгөн кооптуу пластиктин күйүшү алып келген.

Элчинин бул жазгандарын жактырып, иштен куулгандардын арасында Азербайжандын Кувейттеги элчилигинин кеңешчиси, Сириядагы элчинин кызматын аткаруучу, Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси бар.

Журналисттердин көптөгөн телефон чалууларына эч ким жооп бербей, министрликтен бул маалыматты расмий тастыктоо мүмкүн болгон жок.

Ал эми Мамедов өзү “Азаттыктын” кабарчысы менен маектешкенде Азербайжан Ислам кызматташтык уюмуна кайрылганын билгенден кийин өз каалоосу менен кетүүнү чечкенин айтып берди:

- Өлкөнүн кадыр-баркына көлөкө түшүрбөй, уюмдун баш катчысын ыңгайсыз абалга кептебеш үчүн өз ыктыярым менен арыз жазууну туура көрдүм. Европадагы бир нече уюмдун окуя тууралуу кабары бар эле, мен Ислам кызматташтык уюмунун аброюна доо келтиргим келген жок.

Өрт каптаган үйдө кала берген аял
Өрт каптаган үйдө кала берген аял

Кабарчынын “Социалдык тармактагы статусуңуз окуялардын ушундай өнүгүшүнө алып келээрин күттүңүз беле?”-деген суроосуна Мамедов мындай ыплас оюн болуп кетээрин ойлобогонун айтат:

- Ар бир макала менен өздөрүн эле уят кылып атышты. Система башын жоготуп койгону даана билинди. 20-40 жыл илгери өтүп кеткен ата-бабаларыма чейин жетишти. Менин атам эл өтө сыйлаган адам болчу. Мындай иштер исламга жакпайт. Европадагылар азыр бул окуяга байкоо салып, ушундай да болушу мүмкүн деп таң берип жатышат.

Анын айтымында, Европанын кайсы бир өлкөсүндө Бакудагыдай трагедия болсо, дароо тергөө жүрүп, күнөөлүүлөр жоопко тартылмак.

Өрт 19-майда болгон
Өрт 19-майда болгон

Дипломат ал күнү мекенинде жүргөнүн, кырсыктан кийин түнү бою уктабай чыгып, таң атканда жаны ачып Фейсбукта ойлору менен бөлүшкөнүн, маркумдардын жакындарына, азери элине көңүл айтууну каалаганын айтат. Бирок социалдык тармакта анын жазгандары боюнча талкуу эки жумадан кийин гана башталган.

- Интернеттеги пикир алмашуу, кимдир бирөөлөрдүн баракчаларын аңдып турган атайын топ бар. Бул – өкмөттөгү ички бөлүнүп-жарылуунун бир көрсөткүчү. Алар атайылап мага көз салып жүрүшкөн деп ойлобойм, мүмкүн өкмөттүн өзүндөгү прогрессивдүү азчылыкты бутага алышкан. Балким менин ушундай реакциямды күтүшкөн эмес. Бирок мен өз сөзүмдү айттым, эл аны түшүнүү менен кабыл алышты. Мен туура айттым деп бекем ишенем. Мен дал ушул багытта иштей берем, көз карашымды өзгөрткүм келбейт.

Мамедов ал окуядан кийин мекенине кайта албасын бардыгы жакшы түшүнөрүн белгилеп, саясий ишмердигин Европада улантарын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG