Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:03

Израиль кайрадан эрте парламенттик шайлоо өткөрүүдө


Жемкорлук доосуна кабылып жаткан Израилдин премьер-министри Б. Нетаньяхуга жана анын өкмөтүнө каршы нааразылык жыйыны. Иерусалим. 2021-жылдын 20-марты.
Жемкорлук доосуна кабылып жаткан Израилдин премьер-министри Б. Нетаньяхуга жана анын өкмөтүнө каршы нааразылык жыйыны. Иерусалим. 2021-жылдын 20-марты.

Израилдиктер 23-мартта акыркы эки жылдагы төртүнчү жолку парламенттик шайлоого барууда. Өлкөнүн 12 жылдан берки премьер-министри Биньямин Нетаньяху өз бийлигин сактап калууну көздөп жатат.

Калайык пикирин алдын ала сурамжылоолорго караганда, атаандаштык кубаттуу болчудай. Балким, кайрадан эле саясий шал кырдаал калыптанып, коалициялык өкмөт түзүү убаракерчилиги кайталанышы ажеп эмес.

Нетаньяхунун оңчул Ликуд партиясы ири партия катары суурулуп чыгышы да ыктымалдан алыс эмес.

Бирок буга чейин бир дагы партия 120 орундуу Кнессетте көпчүлүктү түзгөн эмес. Демек, Нетаньяху бытырандыраак коалициялык өкмөттү мүмкүн болушунча бириктирүүгө кайрадан аргасыз болот.

Премьер Нетаньяху өлкөдө тез арада коронавируска каршы вакцина менен эмдөөнү жолго коюудагы жана экономиканы карантинден кийин ыкчам ачуудагы ийгилигинин үзүрүн көрүүгө үмүт байлап жатат.


71 жаштагы карыя саясатчы Перс булуңундагы падышалыктар, Судан жана Марокко менен дипломатиялык мамилелерди орнотууда жана жөөт мамлекетинин чөлкөмдөгү обочолонушун жеңилдетүүдө кыйла ийгиликтерди камсыз кыла алды.


Чебер саясатчы Нетаньяху атаандаштарын бөлүп-жаруунун устаты катары маалым жана Израилдеги көптөгөн атаандаштары аны өзгөчө жек көрөт.

Премьер-министр Нетаньяху пара жана жемкорлук боюнча сот жообуна тартылып жатат. Бул доолорду четке кагуу менен бирге ал шайлоого депутаттыкка талапкер катары кайрадан катышып жатат.

Анын сынчылары Нетаньяху мырзанын көмүскө максаты – өзүнө каршы сот ишин токтотуу үчүн парламентте жаңы мыйзам долбоорлоруна колдоо алууга жетишүү, деп айтып келишет. (TT)

XS
SM
MD
LG