Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:04

Израиль газалык христиандардын Иерусалимге келишине уруксат берди


Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

Израиль бийлиги Газада жашаган христиандарга Рождество майрамы маалында Иерусалим менен Иордан дарыясынын Батыш жээгине келишине уруксат берди. Аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинин атайын бөлүмү тараткан билдирүүдө "уруксат коопсуздук чараларын эске алуу менен жана жаш курагына карабай берилери" белгиленген.

Мунун алдында Израиль Газадан Рождество майрамы маалында христиандардын келишин чектеп койгон жана бул эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

Тель-Авив ХАМАС куралдуу тобу башкарган Газа тилкесинен Израиль менен ал басып алган аймактарга келип-кеткендерди тыкыр көзөмөлдөйт.

Газада эки миллионго чукул эл жашайт жана алардын бир миңге жакынын христиандар түзөт.

Рождество майрамдары маалында христиандар ыйык деп эсептеген Йерусалим, Вифлеем, Назарет баштаган бир катар шаарларда миңдеген зыяратчылар чогулат.

XS
SM
MD
LG