Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Орусиянын бурмаланган маалымат таркатуу өнөктүгү көбүнесе Германияны бутага алат


Орусиянын жалган маалымат таратуу өнөктүгүнөн Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн арасынан Германия көбүрөөк жабыркап келе жатат. Мындай тыянакка Европа Биримдигинин тышкы байланыштар кызматы келди.

9-мартта жарыяланган баяндамада Германия Орусия тарабынан саясий деңгээлде жана маалымат каражаттары аркылуу жигердүү, ырааттуу чабуулдарга туш болгону белгиленет.

Орус бийлиги дезинформация өнөктүктөрүнө тиешесин танып келет. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Евробиримдиктин агенттигинин дооматын “күлкү келтирээрлик” деп четке какты.

Евробиримдиктин маалыматына караганда, 2015-жылдын аягынан бери Германияга тиешелүү жалган маалыматтарды таратуунун 700дөн ашуун учуру катталган. Франция 300дөн көп, Италия 170тей жолу бутага алынган.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас баяндаманын жыйынтыгы эч таң калтырбастыгын айтып, Германия менен Орусиянын жарандык коомдорунун ортосундагы байланыштарды өөрчүтүү кадамы чындыкка туура келбеген маалыматтарга жолтоо болууга жардам бермекчи, деп баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG