Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Эки өлкө АКШнын дооматтарын четке какты


Президент Дональд Трамп жана мурдагы вице-президент Жо Байден дебат учурунда. 29-сентябь 2020-жыл
Президент Дональд Трамп жана мурдагы вице-президент Жо Байден дебат учурунда. 29-сентябь 2020-жыл

Орусия жана Иран АКШнын эмки айдагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө аракеттеништи деген айыптоосун четке кагышты. Шаршембиде АКШнын чалгын кызматы ал эки өлкө добуш берүүчүлөрдү каттоо туралуу маалыматтарга ээ болгонун билдирген. 

22-октябрда Иран Швейцариянын Тегерандагы өкүлүн чакыртып, АКШнын “негизсиз” дооматтарына нааразылыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзадех Ислам жумуриятынын мамлекеттик телеканалына:

“Биз буга чейин айткандай, Америкадагы шайлоону ким жеңери бизге айырмасы жок”, - деди.

Вашингтон менен Тегеран ортосунда дипломатиялык алакалар жок болгондуктан АКШнын кызыкчылыктары Швейцария аркылуу жүргүзүлөт.

Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы миссиясы да Тегеран «башка өлкөлөрдүн шайлоосуна кийлигишпей турганын» белгиледи.

"Кошмо Штаттардан айырмаланып, Иран башка өлкөлөрдүн шайлоосуна кийлигишпейт”, - деп жазды "Твиттерге" миссиянын өкүлү Алиреза Мирюсефи.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да АКШнын чалгын кызматтарынын маалыматы «эч нерсеге негизделбеген», курулай доомат деп билдирди.

Шаршембинин кечинде АКШ Улуттук чалгын башкармалыгынын башчысы Жон Рэтклиф “Иран жана Орусия шайлоо алдында коомдук пикирге таасир этүү максатында конкреттүү кадамдарга барганын” билдирген.

Анын айтымында, эки өлкө шайлоочулар тууралуу маалыматтарга өз өзүнчө ээ болгон. "Иран ал маалыматты президент Трампка каршы пайдаланса, Орусия андай аракет көрө элек",-деген Рэтклиф.

Ал атайын кызматтарга таянып, ирандык хакерлер Флорида жана Аляскадагы шайлоочуларга электрондук кат жөнөтүп, Трампка добуш берүүнү айтып опузалашканын билдирди. Ал каттар оңчул "Proud Boys" деген топтун атынан жиберилген.

Чалгын кызматтары хакерлер ошол эки штаттан уурдалган маалыматтарды пайдаланышкан деген тыянакка келишти. Рэтклиф добуш берүү системасы сырттан кийлигишүүдөн ишенимдүү корголгонун айтып, элди камтама болбоого чакырды.

АКШнын бийлиги 3-ноябрдагы шайлоо алдында ар кандай кийлигишүүнү алдын алуу үчүн элди интернетте чыккан маалымат, кабарларды ылгап окууга, расмий маалыматтарга гана ишенүүгө үндөп жатат.

Ал тапта президенттик шайлоо кампаниясы уланууда. Шаршембиде мурдагы президент Барак Обама Филадельфияда демократ талапкер Жо Байдендин тарапташтары алдында сүйлөп, Трампты коронавирус пандемиясына каршы чаралар, экономиканын, саламаттык сактоо системасынын абалы, расалык маселелер үчүн катуу сындады.

Обама Трамптын мүнөзүн сөз кылып, аны “кемчонтой байке” деп атап, “өз кызматын олуттуу аткарууга жөндөмсүз” деди.

Трамп өз кезегинде Түндүк Каролинадагы иш-чарада Обама 2016-жылдагы шайлоону атаандашы Хиллари Клинтон жеңет деп жаңылышып калган деп мыскылдады.

Шайлоо алдындагы үгүт өлкөдө коронавирустун учурлары көбөйүп жаткан чакта өтүүдө. Пандемиядан улам азыркыга чейин 40 миллион америкалык алдын ала добуш бергени белгилүү болду. Бул 2016-жылкы шайлоого катышкандардын жалпы санынын 30 процентин түзөт.

XS
SM
MD
LG