Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Жерүйдөгү экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт


Жерүй алтын кени. Жалпы сүрөт.
Жерүй алтын кени. Жалпы сүрөт.

Кыргыз Өкмөтүнүн Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков 5-февралда Талас шаарында Жерүй кенин иштетүү маселесин иликтөө боюнча элдик комиссиянын кеңешмесине катышты. Жыйынга 500дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышып, кенди иштетүүдө экологиялык маселелерге көңүл бурууну талап кылышты.


Артем Новиков экологиялык коопсуздук маселеси өкмөттө өзгөчө көзөмөлдө экенин маалымдап, келээрки жумада тиешелүү мекемелердин, жергиликтүү тургундардын, көз карандысыз адистердин жана экологдордун катышуусу менен мамлекеттик комиссия түзүлө тургандыгын билдирди.

Тасма. "Next TV" сыналгы каналынын маалыматы. 05.2.2021.

«Үстүбүздөгү жылдын 6-январында мен фабрикага барып, калдык сактоочу жайдын абалы менен тааныштым. Биз мембрананын абалын жана калдык сактоочу жайдын абалын иликтөө максатында ишканага эл аралык көз карандысыз компанияны чакыруу тапшырмасын бергенбиз. 20-январда «Sensor Group» компаниясынын адистери келип, аталган маселелерди иликтеп, анча чоң эмес кемчиликтерди аныктаган. Аталган кемчиликтер оңдолгон. Ишкана калдык сактоочу жайга мембрананын кошумча катмарын орнотот. Мен калдык сактоочу жайдын коопсуздугу камсыздалаарын баса белгилейм. Бирок орнотуу үчүн кошумча убакыт талап кылынат», - деди Новиков мырза.

Биринчи вице-премьер Новиков ошондой эле жарандар тарабынан айтылган ар бир факт текшерилип, зарыл болгон учурда факттар укук коргоо органдарына берилет жана бир дагы окуя көз жаздымда калбайт, деди.


Биринчи вице-премьердин айтуусунда, кен иштетүүчү ишкана учурда 900 миллион сом салык төлөөдө. Фабрика ишке киргизилсе, бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин жогорулайт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орду түзүлөт.

Бул жолугушуу тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Садыр Жапаров жакында тоо-кен тармагын реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өкмөт 1-июлга чейин Тоо кодексинин долбоорун иштеп чыгат. Анда мамлекеттик маанидеги кендердин тилкесин иштетип жаткан жана лицензияга ээ болгон ишканалардан тышкары, жалпы мамлекеттик маанидеги кендерди мамлекет тарабынан иштетүү каралмакчы. Ошондой эле баалуу металлдарды иштетүү боюнча бардык жаңы долбоорлордо мамлекеттин үлүшү каралат.

29-январда Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундар чогулуш өткөргөн. Анда бул кенди иштетүүгө каршы чыккан адамдарга багытталган саясий куугунтук, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилиги тууралуу кеп болгон.

Жерүй алтын кенин «Альянс-Алтын» ишканасы 2015-жылдан бери иштетет. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Жерүй алтын кенинде 80 тоннадан ашуун алтын бар экени маалымдалган. 5-6-октябрдагы элдик толкундоо учурунда кенге тиешелүү айрым объектилер талкаланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG