Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:40

Милиция: Көл-Төрдөгү алтын кенине баргандар тарады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Солтон-Сары алтын кениндеги Көл-Төр участогунда «Эгиз-Төр» компаниясынан иш талап кылып баргандар жергиликтүү бийлик менен сүйлөшкөндөн кийин тарап кетишти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Нарын облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка караганда аталган кенге баргандар мыйзам бузушкан эмес. Милиция тартип бузуу катталса мыйзам чегинде жооп берерин чогулгандарга эскертти.

Буга чейин Солтон-Сары алтын кенин жергиликтүү тургундар басып алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Активист, укук коргоочу Качкынбек Булатов 23-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасына «кечки саат 16.00 чамасында Солтон-Сары жайлоосундагы алтындын запасы бар Көл-Төр жана Чолок-Төр тилкесин Эмгекчил айылынын 20 тургуну басып алды» деп жазган.

Нарын райондук акимчилигинин маалыматына караганда жайкысын чалгындоо иштерин жүргүзгөн компания азыр суукка байланыштуу иштебей турат. Ишкананы компания өзү кайтарууга алган.

Окуяга байланыштуу «Эгиз-Төр» компаниясынын өкүлдөрүнөн маалымат алуу мүмкүн боло элек. Көл-Төр участогунда чалгындоо иштерин жүргүзүүгө компанияга уруксат 2015-жылы берилген. (BsB)

XS
SM
MD
LG